Арсенал (футбол клубу, Лондон): нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Dr.atakulov (талкуу | салымы) |
Dr.atakulov (талкуу | салымы) No edit summary |
||
23-сап:
'''«Арсенал»''' футбол клубу – Англис Премьер-Лигасында ойногон Лондондун түндүгүнөн чыккан футбол клубу. 1886-жылдын 11-декабрында негизделген. Англиянын 13-жолку чемпиону, улуттук Кубокту 12 жолу уткан. Команда өз оюндарын «Эмирейтс» стадионунда (сыйымдулуугу – 60260 көрүүчү) өткөрөт.
Арсенал 1919-жылдан баштап, оюндарын англис футболунун жогорку дивизионунда өткөрүп келе жатат. 1992-жылы Премьер-лига түзүлүп, анын клуб-негиздөөчүлөрдүн бири Арсенал да болгон.<ref>{{Cite web|accessdate=12.10.2010|language=en|title=Англис Премьер-Лигасынын 1992/1993 мезгили|url=http://www.soccerbase.com/tournaments/tournament.sd?tourn_id=121|publisher=Soccerbase}}</ref>
1996-жылдан баштап, команданын башкы машыктыруучусу катары француз Арсен Венгер эмгектенип жатат, клубдун тарыхында башкы машыктыруунун кызматында эң узак иштеген адам болуп эсептелет. Венгердин башчылыгында Арсенал 19 мезгилдин ичинде Англиянын 3-жолку чемпиону болуп, Англия Кубогун 12 жолу утуп, 4 орундан ылдый түшкөн эмес.
30-сап:
'''<big>Негизделиши (1886-1925)</big>'''
[[Файл:Woolwich royal arsenal gatehouse 1.jpg|left|thumb|236x236px|"Ройал Арсенал" заводу]]
«Арсенал» футбол клубун Лондондун түштүк-чыгышындагы Вулидж аттуу райондо жайгашкан «Ройал Арсенал» мылтык чыгаруучу заводунун ишмерлери 1886-жылдын 1
Клуб оюндарын Экинчи дивизиондо ойноп баштап, 1904-жылы Биринчи дивизионго кирген. Алыста жайгашканы үчүн оюндарга аз адам келе баштаган, ошого байланыштуу каржы жагынан командада маселелер көбөйө баштап, Экинчи дивизионго кайра келген. 1913-жылы клуб «Хайбери» стадионуна көчкөн. 1914-жылы клубдун аталышы «Арсеналга» өзгөргөн. 1919-жылы команда Экинчи дивизиондо 5-орунга ээ болгон. Ал жылы Биринчи дивизиондо 20 клубдун ордуна 22 клуб ойноосуна чечим чыккан. Экинчи дивизиондо 1 менен 2-орунду ээлеген командалар Биринчи дивизионго которулмак, бирок Арсеналдын кожоюну Генри Норрис Джон Маккенге (Футбол лигасынын башчысы) командасына добуш берүүсүн айткан. Тандоого 4 клуб чыккан: Арсенал (Экинчи дивизиондо 5-орун), Тоттенхэм (Биринчиде дивизиондо 20-орун), Барнсли (Экинчиде – 3-орун), Вулверхэмптон (Экинчиде – 4-орун). Джон Маккен Арсенал, Тоттенхэмге караганда, Футбол лигасынын ичинде 15 жыл көбүрөөк болгонуна байланыштуу Арсеналга добушун берген. Ушул окуядан кийин Тоттенхэм менен Арсеналдын күйөрмандары бир бирин душман катары көрүшөт.
52-сап:
<big>'''1986-1995'''</big>
1988/89-жылы чемпиондук гонкада Арсенал менен Ливерпуль болгон. Кайсы команда чемпиону болоору ушул эки команданын акыркы оюнунда билинмек. Бул матчты канонирлер 2-0 эсеби менен жеңген, ошентип, 18 жылдан кийин Арсенал чемпиондукка ээ болгон. 1993-жылы клуб Англия Кубогун жана Лига Кубогун, 1994-жылы Кубоктор Кубогун уткан<ref>{{Cite web|url=http://www.arsenal.com/history/grahams-glory-years/graham-s-glory-years-overview|language=en|title=Грэмдин даңктуу жылдары|accessdate=16.12.2008|publisher=The Official Website of Arsenal Football Club}}</ref>. Джордж Грэм кызматынан бошотулган.
'''<big>Венгердин заманы (1996-...)</big>'''
[[Файл:Arsene Wenger.JPG|left|thumb|210x210px|Арсен Венгер]]
1996-жылы башкы машыктыруучу болуп, француз Арсен Венгер дайындалган<ref>{{Cite web|accessdate=01.10.2015|title=Венгер Арсеналдын башчысы катары дайындалды|language=en|url=http://www.arsenal.com/history/the-wenger-years/wenger-is-appointed-as-arsenal-boss|publisher=The Official Website of Arsenal Football Club}}</ref>. Коомдо «Арсен ким?» (Arsene who?) деген көптөгөн суроолор чыга баштады. Ага карабастан, Венгер кийинки жылы Арсеналды чемпиондук менен Кубокту утушуна алып келген.
1999-жылы Тьерри Анри, Робер Пирес, Сильвен Вильтор аттуу футболчулар сатып алынган. 2001/02-жылы алар клубду кезектеги чемпиондукка алып келишкен. Бирок команданын мыкты оюну 2003/04-жылы ачылып, ушул мезгилди Арсенал жеңилүүсүз өткөргөн. Ад курамдагы оюнчулар "Жеңилбестер" деген атка конушкан. 2005-жылы Англия Кубогу утушкан. 2006-жылы Арсенал Чемпиондор Лигасынын финалына жетип, Барселонадан жеңилген<ref>{{Cite web|url=http://www.uefa.com/MultimediaFiles/Download/EuroExperience/competitions/Publications/02/14/56/69/2145669_DOWNLOAD.pdf|title=Чемпиондор Лигасынын финалдары|language=en|accessdate=12.07.2015|publisher=UEFA Official Website|format=PDF}}</ref>.
'''<big>«Эмирейтс» стадионуна көчүү жана трофейсиз мезгил (2006-2014)</big>'''
513-сап:
== Эскертмелер ==
<references />
== Шилтемелер ==
|