Тайлак баатыр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
No edit summary
7-сап:
Нарын кыргыздарынын Кокондун эзүүсүнѳ каршы күрүшүнүн 1-этабы 1832-ж. Тайлак батыр жана бир тууганы [[Атантай|Атантайдын]] жетекчилиги менен башталып, бирок ийгиликсиз аяктаган. Кокондун 7 миң аскери аз кыргыз колун жеңип алып, элди салык төлөөгө мажбурлаган. Нарын кыргыздарынын Коконго каршы күрѳшүнүн 2-этабы Мадали хандын Тайлак баатырды туткундоо үчүн Арап башында турган аскер (500 сарбаз) жиберүүдѳн башталган. Тайлак баатыр сарбаздарды Тогузтородогу Бычан жайлоосунда тосуп алып, салгылашта жеңип чыккан. Тайлак баатырдын күрѳшүнүн 3-этабы XIX кылымдын 30-жылдарынын аягына тура келет. Мадали хан Түркстан тараптагы казактын Эдиге тѳрѳсү менен келишип, аны көп кошуун менен жабдып, Тайлак баатырга каршы аттанышкан. Эдиге Таласты чаап, Ѳтмѳктү ашып, Суусамырга келет. Тайлак батыр Акталаадагы басыз, чоро урууларынан кол жыйнап, Эдиге менен Суусамырдын Дубанкечүү деген жеринде беттешет. Бул урушта да Тайлак баатыр жеңип чыккан.
 
Тайлак баатыр 1838-жылы кокондук тыңчысы ууландырып ѳлтүргѳн. Андан кийин Кокон ханы жортуул жасап, Нарын кыргыздарын кайра каратып, Тайлак баатыр бузган кокондук Куртка сепилин калыбына келтирип, бийлигин чыңаган. Тайлак баатырдын эстелиги Нарын шаарында орнотулган. Кыргыздарда Тайлак баатырга окшогон баатырлар коп чыгат, ошол адамдарды барктай, котормолой билели! Урматтуу кыргыз элим.
 
]