Кадмий: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Файл:Cadmium-crystal bar.jpg
+ {{Элементтердин мезгилдик системасы}}
 
1-сап:
[[Файл:Cadmium-crystal bar.jpg|thumb|Кадмий.]]
'''Кадмий''' (лат. Cadmium, Cd) – [[Д. И. Менделеев]] мезгилдик системасы IIВ группа элементи; к.н. 48; ат. м. 112,40; жаратылышта туруктуу 8 изотоптору аралашмасынан турат. К. сейрек кездешүүчү элементтер тобуна кирет. К. жаратылыштагы минералдары: CdS – гринокит, СdCO3 – отавит, CdO – монтепонит. Жер кыртышында 1,35×10-5 %, деңиз, океан сууларында 0,00011 ''мг''/''л'' кездешет. К. – ак түстөгү, оор, жалтырак, жумшак металл; ат. радиусу 1,56; иондук радиусу 1,03 тыгызд. 8,65 ''г''/''см3'' (200С); эрүү темп-расы 3210С; кайноо темп-расы 7670С. Бирикмелеринде II валенттүү. К. абада CdO кадмий (II) оксидинин жука кабыгы менен капталат. Ал кабыкча металлды андан ары окистенишинен сактайт. К. галогендер менен түздөн-түз кошулуп, CdCl2, CdBr2, CdI2 сыяктуу түссүз бирикмелерди, күкүрт менен сары түстөгү, сууда эрибеген сульфидди – CdS пайда кылат. Туз, күкүрт к-таларында акырындык менен эрийт. Азот к-тасында жакшы эрип, гидрат пайда кылуучу Cd(NO3)2 4Н2О нитратын берет. К. туздары гидролизге учурайт, щелочтор таасиринен анын ак түстөгү гидроксиди Cd(OH)2 чөкмөгө түшөт. Сd(OH)2 аммиакты, Cd(CN)2 KCN ашыкча таасир эткенде комплекстүү иондор: [Cd(NH 3)4]2+ , [Cd(CN) 4]2- алынат. К. элементи 1817-ж. Ф.Штромейер тарабынан ачылган. К. өндүрүүчүлөр болуп негизинен Россия, Япония, АКШ, Бельгия, Канада, Германия, Австралия, Перу эсептеленишет. К. өндүрүүнүн негизги булагы цинк кошумча продуктусу (Zn-Cd кесекчелери). Ал К. сульфатын калыбына келтирүүдөн алынат:
 
CdSO4 + Zn = ZnSO4 + Cd.
8-сап:
==Колдонулган адабияттар==
* [[Химия: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
 
{{Элементтердин мезгилдик системасы}}
 
[[Категория:Химия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кадмий" булагынан алынды