Тактылар оюну: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
27-сап:
| кийинкиси = [[Падышалардын кагылышы]]
}}
'''"Тактылар оюну"''' — [[Америка Кошмо Штаттары (АКШ)|америкалык]] [[Жазуучу|жазуучу]] [[Жорж Р. Р. Мартин|Жорж Рэймонд Ричард Мартиндин]] калеминен жаралган "[[Муз мененжана от ыры]]" фэнтези романдар сериясындагы биринчи роман. Ал биринчи жолу 1996-жылдын 1-августунда жарык көргөн. Роман 1997-жылы "Локус" сыйлыгын утуп алып, ошол эле жылы "Небула" жана "Дүйнөлүк фэнтези" сыйлыктарына көрсөтүлгөн. Дейенерис Таргариен жөнүндөгү бөлүмдөрдү камтыган "Ажыдаардын каны" новелласы 1997-жылы "Хүго" сыйлыгынын "Эң мыкты новелла" байгесин утуп алган. 2011-жылдын январь айында роман [[New York Times]] гезитинин бестселлерине айланып, 2011-жылдын июль айындагы тизмеде №1 болуп калган.
 
Романда ар түрдүү көз караштар аркылуу окуяларды баяндоо менен Мартин окуянын негизги чынжырчасы болгон Вестеростогу, Дубалдагы ак сөөк үй-бүлөлөрдү жана ошондой эле ак сөөк Таргариендерди тааныштырат. Роман бир канча бутактама эмгектердин жана айрым видео оюндардын жаралышына дем берген. Ошондой эле бул "Тактылар оюну" киносериалынын биринчи сезонуна негиз болуп берген. Сериалдын бетачары [[HBO]] телеканалында 2011-жылдын апрель айында болуп өткөн. 2013-жылдын март айындагы телеге толуктоо катары чыккан китеп да, "А" артикли алынып салынып, "Тактылар оюну" (Game of Thrones) деп аталган.