Дүйнөнүн жети керемети: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
2-сап:
==Египет пирамидалары==
Дүйнөнүн жетинчи керемети [[Египет пирамидалары]]. Египет пирамидаларынын эң чоңу фараон Хеопстун пирамидасы. Ал мындан 5000 жыл мурда курулган. Хеопс пирамидасынын бийиктиги 147 метр. Пирамида байыркы курулуштардын эң бийиги катары 4000 жыл бою саналып келген. Хефрендин пирамидасы Хеопстун пирамидасынан 2 метрге жапыз. Бул эки пирамида фараонго аз көрүнүп, анын жанына бүтүндөй аскадан чегилип жасалган таш күзөтчү коюуга буйрук берген. Бул күзөтчүнүн бети адамдыкы сыяктуу, ал эми тулкусу арстандын өзү. Ал Сфинкс деп аталат. Археологдордун айтымында пирамидаларды курууда 100 000 адам 20 жыл убактысын кетиргени аныкталган. Алты керемет жок болуп, жалгыз Египет пирамидалары бүгүнкүдөй сакталуу.
 
==Родосс Колоссу==
Биздин заманга чейин 3-кылымда Родос аралына Деметрий деген аскер башчы чабуул койгон. Бирок, ал родостуктарды жеңе алган эмес. Ошондон родостуктар чоң статуяны тургузууну чечишкен. Бул родостук Колосс - деп аталган. Бизче аталышы - заңкайган мамы. Колосс абдан чоң айкел болгон. Ал азыркы Түркиянын жээгиндеги Эгей деңизинин жанында жайгашыптыр. Колодон жасалып, бийиктиги 36 метр болгон өспүрүмдүн бул статуясын родостуктар колдоочубуз деп эсептешкен. Колосс канчалык бекем орнотулбасын, 50 жылдан кийин жер титирөөдөн кулап түшкөн. Ошол кулаган жеринде тогуз жүз жыл жатат да, биздин заманга чейин 654-жылы сириялык князь Родосту басып алып, айкелдин коло кабын сыйрып алып, токсон төөгө жүктөп кетиптир.