Гарри Поттер жана Өлүмдүн тартуусу. 2-бөлүм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''"Гарри Поттер жана Өлүмдүн тартуусу-2-бөлүм"''' ({{lang-en|Harry Potter and the Deathly Hallows: Part 2}}, {{lang-ru|Гарри Поттер и Дары Смерти. Часть 2}}) -2011-жылы [[Дэвид Йетс]] тарткан жана "[[Warner Bros. Pictures]]" жайылткан британ-[[Америка|америкалык]] [[фэнтези]]. Тасма [[Ж.К. Роулиң]] жазган [[Китеп|китепке]] негизделип тартылган жана тасманын экинчи бөлүмү болуп саналат. Ошондой эле тасма "Гарри Поттер" тасмаларынын сегизинчиси жана акыркы бөлүмү. Тасманын сценарийин [[Стив Клувс]] жазган жана [[Дэвид Хэймен]], [[Дэвид Баррон]] менен [[Роулиң]] [[Продюсер|продюсерлик]] кылышкан. Тасма "Гарри Поттер жана Өлүмдүн тартуусу-1-бөлүм" тасмасынын уландысы болуп саналат. Бул чыгарылышта Гарри Поттер Волендеморттун Хоркүксесин табып жана аны түп тамыры менен жок кылууга болгон аракетинин улангандыгы баяндалат.
 
Тасмада башкы ролду [[Дэниел Редклифф]] (Гарри Поттер) жана анын эң жакын досторунун ролдорун [[Руперт Гринт]] (Рон Уизли) жана [[Эмма Уотсон]] (гермиона Гренжер) аткарышкан.
 
Тасма абдан чоң ийгилик жаратып, көптөгөн мактоолорго арзуу менен киносынчылар бир ооздон 2011-жылдын эң мыкты тасмасы деп белгилешкен. Тасмадагы визуалдык эффектилер, оператордук иш, [[Александр Десплат|Александр Десплаттын]] музыкасы, экшндин ырааттуулугу, [[Дэвид Йетс|Дэвид Йетстин]] режиссерлук иши жана жогорку деңгээлдеги аткаруу мактоого арзыган. Ал эми 2016-жылы тасма дүйнөдөгү эң көп кирешелүү тасмалардын арасында сегизинчи орунду ээлеген. Ал ошондой эле 2011-жылдын эң кирешелүү тасмасы болгон.Тасма 1 [[миллиард]] [[АКШ]] долларына жеткен тогузунчу тасма болуп, "Гарри Поттер" тасмаларынын эң көп кирешелүү чыгарылышынын катарын толуктаган.
 
Тасма бир нече сыйлыктарды уткан жана көптөгөн наамдарга көрсөтүлгөн. Алардын ичинен "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты постановка", "Эң мыкты визуалдык эффект" жана "Эң мыкты мейкап жана чач жасалга" наамдарына көрсөтүлгөн.