Анжелина Жоли: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо |
мNo edit summary |
||
1-сап:
'''Анжелина Жоли Питт'''{{lang-en|Angelina Jolie}}; (/ dʒoʊliː / joh-lee; née; төрөлгөндөгү фамилиясы Войт; 1975-жылдын 4-июнунда туулган) - америкалык актриса, кинорежиссер жана филантроп. Ага [["Оскар" сыйлыгы|“Оскар” сыйлыгы]], эки жолу АКШ киноактерлор Гильдиясынын сыйлыгы, үч жолу [[“Алтын глобус” сыйлыгы]] ыйгарылган жана [[Голливуд|Голливуддун]] эң кирешелүү актрисасы катары таанылган. Анжелина Жоли өзүнүн чыгармачылык жолун алгач 1982-жылы
Анжелина Жолинин
Кинодогу чыгармачылык ишмердүүлүгүнөн тышкары Анжелина Жоли өзүнүн кайрымдуулук иш-чараларына кошкон салымы үчүн дагы белгилүү. Актрисага гуманисттик ишмердүүлүгү үчүн [[Америка]] кинематография академиясынын Жин Хершолт атындагы сыйлыгына ээ болгон жана көптөгөн сыйлыктар менен бирге эле британиялык Ыйык Михаил жана Ыйык Георгий ордени ыйгарылган. Анжелина Жоли аялдардын укуктары, билим берүү сыяктуу маселелер менен алектенип, [[БУУ|БУУнун]] качкындар боюнча жогорку коммиссарынын ыктыярдуу элчиси катары таанымал. Актриса АКШдагы оюн-зоок тармагындагы эң таанымал жана таасирдүү инсан жана коомдук ишмер катары атагы чыккан, ар түрдүү медиа каражаттары тарабынан “дүйнөдөгү эң сулуу аял” деген наам берилген. Актрисанын жеке жашоосу коомчулукта кеңири талкууланып келет. Анжелина Жоли мурунку күйөөлөрү Жонни Ли Миллер, Билли Боб Торнтон менен ажырашкан, 2016-жылдын сентябрь айынан тарта үчүнчү жубайы актер [[Бред Питт|Бред Пит]] экөө дагы бөлөк жашай баштаган. Алардын алты баласы бар, перзенттеринин үчөөсүн ар түрдүү мамлекеттерден багып алышкан.
== Өмүр таржымалы ==
|