Бенисио Дел Торо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
1-сап:
'''Бенисио Монсеррате Рафаэл Дел Торо Санчес''' {{lang-en|Benicio del Toro}};(1967-жылы 19-февралда туулган) - Пуэрто-Рикалык актер. Ал 2000-жылы тартылган "[[Траффик |Траффик]]" (англ. Traffic) тасмасындагы Хавьер Родригестин ролу үчүн [["Оскар" сыйлыгы|"Оскар" сыйлыгын]], Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгын, [["Алтын глобус" сыйлыгсыйлыгы|"Алтын глобус" сыйлыгын]], [[АКШ]] киноактерлор Гильдиясынын сыйлыгын жеңип алган. Актер Алехандро Гонсалес Иньярриту тарткан «21 грамм» (англ. 21 Grams) тасмасындагы диний фанат, мурда түрмөдө отурган Жек Жордандын ролу үчүн "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгына экинчи жолу, "Алтын глобус" сыйлыгына экинчи жолу жана Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгынын "Башкы ролдогу эң мыкты актер" номинациясына көрсөтүлгөн.
 
"Эркин дух" сыйлыгы актерго "[[Шектүүлөр]]" (англ. The Usual Suspects, 1995) тасмасындагы кызыктай жана акылсыз алдамчы Фред Фенстердин ролу үчүн ыйгарылган. "[[Баския]]" (англ. Basquiat) тасмасындагы Бенни Дальмаунун ролу ага экинчи "Эркин дух" сыйлыгын алып келген. Актер "[[Лас Вегастагы коркунуч жана жек көрүү]]" (англ. Fear and Loathing in Las Vegas, 1998) тасмасында доктор Гонзонун ролун аткарып, [[Жонни Деп |Жонни Деп]] менен бирге тартылган. "[[Кармоо]]" (англ. Snatch, 2000) криминалдык комедиясында кумарпоз "Төрт колдуу" Фрэнктин, "[[Күнөөлөр шаары]]" (англ. Sin City, 2005) криминалдык триллеринде ичкиликке жакын, бат-бат өзгөрүп турган терс каарман, детектив Жектин (Жеки-бой) ролу менен эсте калган. "[[Че]]" ( англ.Che, 2008) биографиялык тасмасында легендарлуу революциячы Че Геваранын ролун аткарган. Аталган ролу Канн кинофестивалынын жана "Гойя" сыйлыгынын "Эң мыкты актер" номинациясын жеңип алган. 2015-жылы тартылган "[[Канкор]]" (исп. Sicario, 2015) тасмасындагы наркобаронду өлтүрүү үчүн жалданган Алехандронун ролу үчүн актер бир нече сыйлыктарга ээ болуп, үчүнчү жолу жана Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгын талапкер болгон. [[Marvel Cinematic Universe]] тарткан тасмада дагы роль жараткан.