Говард Шор: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
 
1-сап:
'''Говард Лесли Шор''' ({{lang-en|Howard Shore}};1946-жылы 18-октябрда туулган) — тасмага обон жазуу менен таанымал болгон канадалык композитор. Ал 80ден ашуун тасмага композиция жараткан. Эң белгилүү болгондору «Шакектер ээси» менен «Гоббит» үчилтиктерин киргизгенге болот. Биринчи үчилтик үчүн ал [["Оскар" сыйлыгы|«Оскардын»]] үч сыйлыгына татыган. Ал «Батышты көздөй» чыгармасы үчүн сыйлыкты «Eurythmics» тобунун вокалисти Энни Ленокс жана ырдын сөзүн жазган жазуучу, продюсер Фрэн Уолш менен бөлүшүп алган. Ошондой эле ал режиссер Дэвид Кроненберг менен 1979-жылдан бери дээрлик бардык тасмалар боюнча туруктуу кызматташып келатышат.
 
Шор концерттик чыгармаларды, анын ичинде «Учуу» операсын да жазган. Бул Кроненбергдин 1986-жылкы тасмасына негизделген чыгарма. Чыгарманын бет ачары 2008-жылдын 2-июлунда [[Париж|Париждин]] Шатле театрында болуп өткөн. Ошондой эле ал Уонамэйкер органы жана Филаделфия оркестри үчүн кыскача фанфаралык музыка менен [[Швейцария|Швейцариянын]] 21-кылым симфониялык оркестрине увертюралык обон жазып берген.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Говард_Шор" булагынан алынды