Дон Чидл: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Доналд Франк Чидл Кич.''' ({{lang-en|Donald Frank «Don» Cheadle}};айтылышы: /ˈtʃiːdəl/; 1964-жылы 29-ноябрда туулган) — америкалык актер, жазуучу, продюсер жана режисер. Ал өз эмгек жолунда алгачкы тартылган тасмаларынын бири "[[Гамбургер дөңсөсү]]" (англ. Hamburger Hill, 1987) тасмасы болгон. Андан кийин өз карьерасын бекемдеп, 1990-жылдарда "Көк көйнөкчөн шайтан" (англ. Devil in a Blue Dress, 1995), "Розвуд" (англ. Rosewood, 1997) жана "Буги түндөрү" (англ. Boogie Nights, 1997) тасмаларында тартылган. Ал режиссер Стивен Содерберг менен кызматташуунун натыйжасында "Назар сыртында" (англ. Out of Sight, 1998), "[[Трафик]]" (англ. Traffic, 2000) жана "Оушендин 11 досу" (англ. Ocean's Eleven, 2001) тасмалары жарыкка чыккан. Ошондой эле ал "[[Вулкан]]" (англ. Volcano, 1997), Келемиш үйүрү (англ. The Rat Pack, 1998), "Күндүн артында" (англ. Things Behind the Sun, 2001), "Кылыч балык" (англ. Swordfish, 2001), "Кагылыш" (англ. Crash, 2004), "Оушендин 12 досу" (англ. Ocean's Twelve, 2004), "[[Оушендин 13 досу]]" (англ. Ocean's Thirteen, 2007), "Менин үстүмдөгү башкаруу" (англ. Reign Over Me, 2007), "Мага сүйлө" (англ. Talk to Me, 2007), "Саткын" (англ. Traitor, 2008) жана "[[Коргоочу]]" (англ. The Guard) тасмаларында да образдарды жараткан. Чидл "Чакырым алдыда" (англ. Miles Ahead, 2015) тасмасында тартылып, ага режиссерлук кылган жана сценарийин жазгандардын бири. Ал "[[Темир адам 2]]" (англ. Iron Man 2, 2010), "[[Темира адам 3]]" (англ. Iron Man 3, 2013), "Өч алгычтар: Алтрон доору" (англ. Avengers: Age of Ultron, 2015) жана "Капитан Америка: Жарандык согуш" (англ. Captain America: Civil War, 2016) тасмаларында катышкан.
 
2004-жылы Чидл «Руанда мейманканасы» тасмасындагы руандалык мейманкана жетекчиси Пол Русесабажинанын ролун аткарганы үчүн киносынчылардын алкоосун алган. Тасма Руандадагы тукум курут учурун чагылдырган. Чидл ролу үчүн "Оскардын" "Эң мыкты актер" наамына көрсөтүлгөн. Ал "Showtime" телекомпаниясынын "Калптын үйү" (англ. House of Lies) ситкомунда Марти Каандын образын жаратып, өз ролу үчүн 2013-жылы [["Алтын глобус" сыйлыгы|"Алтын глобус" сыйлыгына]] татыган.
 
Чидл Судан мамлекетинин Дарфур жергесинде тукум курут кылууну токтотуу акциясына катышып, Жон Прендергаст менен биргеликте аталган окуя тууралуу "Биздин көзөмөлүбүздө эмес: Дарфур жана башка жактарда тукум курутту токтотуу миссиясы" аттуу китеп жазып чыгышкан. Ал Жорж Клуни, Брэд Питт, Мэтт Дэймон, Дэвид Прессман жана Жерри Уайнтрауб менен "Биздин көзөмөлүбүздө эмес" долбоорун каржылашкан. Уюм дүйнө коомчулугун жана булактарды массалык жырткычтыкты токтотууга жана алдын алууга көңүл бурдуруу боюнча иш алып барат. 2010-жылы Чидл БУУнун Айлана-чөйрө программасынын "Ак ниет элчиси" деп аталган.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дон_Чидл" булагынан алынды