Дэвид Морс: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Дэвид Боудитч Морс''' ({{lang-en|David Morse}};1953-жылы 11-октябрда туулган) — америкалык актер, ырчы, режиссер жана жазуучу. Ал «[[Ыйык Элсвер]]» (1982–88) сериалында Доктор Жэк «Бумер» Моррисондун ролун аткаруу менен АКШда алгачкы жолу коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган. Ал өзүнүн кино жаатындагы карьерасын «Ортомчу», «Байланыш», «Жашыл чакырым», «Паранойя», «Түнкү өбүү», «Аска» жана «12 маймыл» тасмаларында ролдорду аткаруу менен уланткан.
 
2006-жылы Морс «[[Үй]]» медициналык драма сериалында детектив Майкл Триттер ролун кайра аткарып чыккан. Бул образы үчүн ал «Эмми» сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ал 2008-жылы «HBO» телекомпаниясынын «Жон Адамс» сериалында Жорж Вашингтондун образын жараткан. Бул анын «Эмми» сыйлыгына экинчи жолу көрсөтүлүшүнө өбөлгө түзгөн. Ошондой эле ал «Офф-Бродвей» театрында «Мен кантип айдаганды үйрөндүм?» спектаклиндеги Пек абанын ролун аткарганы үчүн «Драма Деск» жана «Оби» сыйлыктарын алган. Ал «Бродвей» театрында «Деңиз саякатчысы» спектаклинде Жэймс Харкиндин образын жаратып ийгиликке жеткен. 2010-жылдан 2013-жылга чейин ал «HBO» телеканалынын «Тремей» сериалында коррупцияга баткан Нү Орлеанс полиция бөлүмүндөгү чынчыл тартип сакчысы Терри Колсондун образын жараткан. Учурда ал «WGN America» телекомпаниясынын «Чыккынчылар» сериалында тартылууда.
 
== Өмүр таржымалы ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дэвид_Морс" булагынан алынды