Жим Керри: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Жеймс Үжин "Жим" Керри''' ({{lang-en|Jim Carrey}};/ kæri / 1962-жылы 17-январда туулган) - канадалык-америкалык актер, куудул, сүрөтчү, режиссер жана продюсер. Анын ролдору күчтүү энергияга ээ жана бир аз күлкүлүү.
 
Ж. Керри 1990-жылы тартылган "[[Ар түрдүү түстө]]" (англ. In Living Color) комедиялык телесериалында ар түрдүү ролдордо ойноп таанымал болгон. Актер "Эйс Вентура: Үй жаныбарларын издөө" (англ. Ace Ventura: Pet Detective (1994), "[[Келесоо жана андан дагы келесоо]]" (англ. Dumb and Dumber, 1994), "[[Маска]]" (англ. The Mask, 1994) жана "Эйс Вентура: Табият чакырат" (англ. Ace Ventura: When Nature Calls, 1995), "[[Калпычы]]" (англ. Liar Liar, 1997) тасмаларында башкы ролдорду ойносо, "Түбөлүктүү Бэтмен" (англ. Batman Forever, 1995) тасмасында эпизоддук каармандын образын жараткан. Анын "Труман шоусу" (The Truman Show, 1998) жана "Айдагы адам" (англ. Man on the Moon, 1999) тасмаларындаги эмгеги бааланып, "Эң мыкты актер" номинациясында "Алтын глобус" сыйлыгын багындырган.
 
2000-жылдары актердун чыгармачылыгы баралына келип, "Рождествону сүйбөгөн Гринч" (англ. Grinch in How the Grinch Stole Christmas, 2000), "Күч кубаттуу Брюс" (англ. Bruce Almighty, 2003) тасмаларына тартылган "Таза акылдын түбөлүк жаркырашы" (англ. Eternal Sunshine of the Spotless Mind, 2004) романтикалык драмасындагы ролу үчүн "Башкы ролдогу эң мыкты актер" номинациясында Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгына талапкер болгон. "Лемони Сникет: бакыт кушу колдон учканда" (англ. Lemony Snicket's A Series of Unfortunate Events, 2004), "Дик жана Жейн алдамчылар" (англ. Fun with Dick and Jane, 2005) "Ар дайым ооба дегин" (англ. Yes Man, 2008), "Хортон" (англ. Horton Hears a Who, 2008) жана "Жаңы жылдык (Рождестводогу) жомок" (англ. A Christmas Carol, 2009) тасмаларында роль жараткан.
 
2010-жылы "Мырза Поппердин пингвиндери" (англ. Mr. Popper's Penguins, 2011) жана " Укмуштуудай Берт Уандерстоун" (англ. The Incredible Burt Wonderstone, 2013) тасмаларында катышкан. 2013-жылы "[[Зыңк 2]]" (англ. Kick-Ass 2) тасмасында банданын башчысы Бертолининин ролун аткарган. Аталган тасма жарыкка чыгарына эки ай калганда актер фильмге болгон терс көз карашын билдирген. Ал өзүнүн Твиттер баракчасына "Мен "Сэнди-Хук" мектебиндеги атышуудан бир ай мурда "Зыңк 2 " (англ. (англ. Kick-Ass 2) тасмасына тартылгамын. Бирок азыр чын жүрөгүмдөн мындай зордук-зомбулукту колдобогондугумду билдиремин. Ж.Керри "Келесоо жана андан дагы келесоо 2" (англ. Dumb and Dumber 2, 2014) тасмасында Ллойд Кристмастын кейипкерин ойногон.
 
== Өмүр таржымалы ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жим_Керри" булагынан алынды