Difference between revisions of "Жон Траволта"

м
no edit summary
(Бот: макалаларды автоматтык импорттоо)
 
м
'''Жон Жозеф Траволта''' ({{lang-en|John Travolta}};1954-жылы 18-февралда туулган) - америкалык актер, продюсер, бийчи жана ырчы. Жон Траволта алгач 1970-жылдары "[[Кош келиңиз Коттер]]" ( англ. Welcome Back, Kotter, 1975–1979) ) телесериалында тартылгандан соң белгилүү болгон. Андан кийин "Алтынчы куну кечинде" (англ. Saturday Night Fever, 1977) жана "Бриолин" (англ. Grease, 1978) деген прокатта жакшы көрсөткүчтөрдү берген тасмаларда ойногон. 1980-жылдары Ж. Траволтанын чыгармачылыгында тыныгуу болгон. Бирок 1990-жылдарда "Кылмыш окуясы" (англ. Pulp Fiction, 1994) тасмасындагы ролу менен анын актердук чыгармачылыгы жанданган. Актер андан кийин "Бетсиз" (англ. Face/Off, 1997), "Сыр сөз: балык-кылыч" ( англ. Swordfish, 2001), "[[Чыныгы камандар]]" (англ. Wild Hogs), "Чач үчүн лак" (англ. Hairspray) тасмаларында роль аткарган.
 
Жон Траволта "[[Алтынчы күнү кечинде]]" (англ. Saturday Night Fever, 1977) жана "Кылмыш окуясы" тасмаларындагы ролдору үчүн [["Оскар" сыйлыгы|"Оскар" сыйлыгына]] талапкер болгон. "Кодо" (англ. Get Shorty) тасмасындагы ролу үчүн актер "Алтын глобус" сыйлыгын "Көркөм фильмдеги/мюзиклдеги/комедиядагы эң мыкты актер" номинациясында алган. Ошондой эле алты номинацияда талапкер болгон, акыркы жолу сыйлыкка 2008-жылы көрсөтүлгөн. 2014-жылы Ж. Траволта эл аралык кинометаграфиядагы ийгиликтери үчүн Индиянын эл аралык киноакадемиясынын (IIFA) сыйлыгын алган. 2016-жылы актер алгачкы жолу праймтаймдык "Эмми" сыйлыгын "Америкалык кылмыш окуясы,:эл О. Жей Симпсонго каршы" (англ. American Crime Story: The People v. O. J. Simpson) аттуу криминалдык сериал-антологиясында продюсер катары алган. Бул фильм үчүн дагы бир жолу "Эмми" сыйлыгына жана "Алтын глобус" сыйлыгына жактоочу Роберт Шапиронун ролу үчүн талапкер болгон.
 
== Өмүр таржымалы ==
872

edits