Жоэл Эдгертон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Жоэл Эдгертон''' ({{lang-en|Joel Edgerton}};1974-жылы 23-июнда туулган) — австралиялык актер жана киночу. Ал "[[Жылдыздар согушу: Клондордун кол салуусу]]" (англ. Star Wars: Episode II – Attack of the Clones), "Согушкер" (англ. Warrior), "Зат" (англ. The Thing), "Бута номур бир" (англ. Zero Dark Thirty) жана "[[Улуу Гэтсби]]" (англ. The Great Gatsby) сыяктуу тасмаларда тартылган. Эдгертон "[[Соңку китеп: Кудайлар жана падышалар]]" (англ. Exodus: Gods and Kings) тасмасында негизги терс каарман Рамсес IIнин ролун аткарган жана 2015-жылдагы "Кара масса" (англ. Black Mass) драмасында Жонни Депп менен бирге тартылган.
 
Эдгертон Австралияда "Биздин сырдуу жашообуз" (англ. The Secret Life of Us) тасмасында Уилл Макгиллдин образын жаратып, 2002-жылы "AACTAнын" "Драма киносериалында эң мыкты актердун ролу" наамын утуп алган жана "Жаныбарлар дүйнөсү" (англ. Animal Kingdom) тасмасына тартылып, "AACTAнын" "Экинчи пландагы эң мыкты актер" сыйлыгына татыган.
5-сап:
2015-жылы Эдгертон АКШ кинорежиссерлор гилдиясынын "Чыгаан режиссер — алгачкы тасма" сыйлыгына "Белек" (англ. The Gift) тасмасы менен көрсөтүлгөн. Аталган психологиялык триллер тасмасында ал сценарийин жазган, режиссерлук кылган, продюсерлеринин бири болуп, өзү да тартылган.
 
Эдгертон "Лавиң" тасмасында Ричард Лавиңдин образын ачып бергени үчүн киносынчылардын оң баасына татып, "[[Алтын глобустун]]" "Эң мыкты актер — драма тасмасы" номинациясына көрсөтүлгөн. Ал жакын арада Жэйсон Мэттүнүн "Кызыл таранчы" китебинен ылайыкташтырылган тасмада Натаниел Нэштин образын аткармакчы.
 
== Өмүр таржымалы ==