Кейт Бланшетт: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Кэтрин Элис "Кейт" Бланшетт''' ({{lang-en|Cate Blanchett
'''Кэтрин Элис "Кейт" Бланшетт''' (}};/ blæntʃət /; 1969-жылдын 14-майында туулган) -австралиялык актриса жана театр режиссеру. Ал көптөгөн сыйлыктардын ээси, алты жолу Австралия кино жана теле академиясынын сыйлыгын, эки жолу [["Оскар" сыйлыгы|"Оскар" сыйлыгын]], үч жолу АКШ киноактерлор Гильдиясынын сыйлыгын, үч жолу "[[Алтын глобус]]" сыйлыгын, үч жолу Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгын алган. Актрисаны режиссер Шекхар Капурдун "[[Елизавета]]"(англ. Elizabeth) деген Англиянын канышасы Елизавета Биринчи тууралуу тарыхый тасмасындеги башкы ролу эл аралык деңгээлге тааныткан. Бул ролу үчүн актриса Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын "Эң мыкты актриса" номинациясын, "Алтын глобус" сыйлыгын алган жана "Эң мыкты актриса" номинациясында "Оскар" сыйлыгына талапкер болгон. Мартин Скорсезенин "[[Авиатор]]" (англ. The Aviator) биографиялык тасмасындагы Кэтрин Хепберндун ролу актрисаны атак-даңкка бөлөп, "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" номинациясында "Оскар" сыйлыгын алып келген. Бул "Оскар" сыйлыгын алган актрисанын ролун ойногон жана ал үчүн "Оскар" сыйлыгын алган жалгыз кино жылдызы болуп калды. 2013-жылы Вуди Алендин "[[Жасмин]]" (англ. Blue Jasmine) тасмасына тартылып, дагы көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон, анын ичинде актрисага "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясы дагы ыйгарылган.
 
К. Бланшент "Оскар" сыйлыгын эки фильмде тең Каныша Елизавета Биринчинин ролу үчүн алган, бир ролду бир нече фильмде ойногон алты актердун арасынан жалгыз К. Бланшетт мындай сыйлыкка татыктуу болгон. Ал австралиялык кино актерлордун ичинен эки жолу "Оскар" сыйлыгын уткан жалгыз актриса. Актриса жети жолу "Оскар" сыйлыгына талапкер болгон, "Чыр-чатактуу күндөлүк" (англ. Notes on a Scandal, 2006), "Елизавета: Алтын кылым" (англ. (Elizabeth: The Golden Age, 2007), "Ал жерде мен жокмун" (англ. I'm Not There, 2007) жана "Кэрол" (англ. Carol, 2015) тасмалары үчүн бир нече сыйлыктарга көрсөтүлгөн. Ал "Таланттуу мырза Рипли" (англ. The Talented Mr. Ripley, 1999) "Вавилон" (англ. Babel), "Бенжамин Баттондун табышмактуу окуясы" (англ. The Curious Case of Benjamin Button, 2008), "Робин Гуд" (англ. Robin Hood, 2010), "Кантип драконду үйрөтсө болот"((англ. How to Train Your Dragon 2, 2014), жана "Күлчү кыз" (Жетим кыз) (англ. Cinderella, 2015) сыяктуу көрүнүктүү тасмаларга тартылган. К. Бланшет "Шакектер кожоюну" (англ. The Lord of the Rings trilogy, 2001–03) трилогиясында жана "[[Хоббит]]" (англ. The Hobbit trilogy, 2012–14) деген бюджети чоң тасмаларда башкы ролдорду ойногон. 2017-жылы Marvel Studios кинокомпаниясы тарткан "Тор: Рагнарек" (англ. Thor: Ragnarok) тасмасында катышкан.
 
К. Бланшет театр сахнасында дагы укмуштуудай чыгармачылык ийгиликтерге жетишкен жана төрт жолу "Пьесадагы эң мыкты актриса" номинациясында "Helpmann Award" австралиялык театр сыйлыгына татыктуу болгон.