Сэмюэл Л. Жексон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Сэмүэл Лерой Жексон''' ({{lang-en|Samuel L. Jackson}};1948-жылдын 21-декабрында туулган) - америкалык актер жана продюсер. Актер 1990-жылдардын башында тартылган тасмалар "Тропикалык махабат" (англ. Jungle Fever, 1991), "[[Патриоттор оюну]]" (англ. Patriot Games, 1992), " [[Эмос жана Эндрю]]" (англ. Amos & Andrew, 1993), "[[Чыныгы романс]]" (англ. True Romance, 1993), "Юра доорундагы парк" (англ. Jurassic Park, 1993) тасмаларындаги ролдору менен белгилүүлүү болгон. Ошондой эле актер режиссерт Квентин Тарантино менен кызматташып, "Кылмыш окуясы" (англ. Pulp Fiction, 1994), "Жеки Браун" (Jackie Brown, 1997), Кишенден бошотулган Жанго (англ. Django Unchained, 2012) жана "Жексур сегиз" (англ. The Hateful Eight, 2015) тасмаларында ойногон. Ал абдан үзүрлүү эмгектенген актерлордун катарында жүздөн ашуун тасмага тартылган, "[[Майтарылбас 3: өч алуу]]" (англ. Die Hard with a Vengeance, 1995), "Күчтүү" (англ. Unbreakable, 2000), "Шафт" (англ. Shaft, 2000), "51-штат" (англ. The 51st State, 2001), "Кара чаар жыландын онтошу" (англ. Black Snake Moan, 2006), "Жыландардын учушу" (англ. Snakes on a Plane, 2006), "Жылдыздуу согуштар" трилогисяында (англ. the Star Wars prequel trilogy, 1999–2005), жана Marvel Cinematic Universe кинокомпаниясы тарабынан тартылган тасмаларда роль жараткан.
 
Жексон 2011-жылы октябрь айында кирешеси эң көп актер катары Френк Велкерден дагы ашып түшкөн, ушул жылы бир нече сыйлыктарды багындырган. Ал жубайы Латаня Ричардсон менен жашайт, Зоя деген кызы бар. Сэмюэл Л. Жексон бардык мезгилдердин эң кирешелүү актеру катары таанылган, жалпы $ 4, 9053 киреше тапкан, ар бир тасмасына орточо эсепте $ 69, 1 млн каражат (гонорар) алып турат.