Чиветел Эжиофор: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Чиветел Умеади Эжиофор''' ({{lang-en|Chiwetel Ejiofor}};айтылышы: ˈtʃuːwᵻtɛl ˈɛdʒi.oʊfɔːr/ CHEW-i-tel EJ-i-oh-for; 1977-жылдын 10-июлунда туулган) — англиялык актер болуп саналат. 1995-жылы Улуттук жаштар театрында тапшыргандан кийин жана Лондон музыка жана драма көркөм-өнөр академиясынын стипендиясын алган соң Эжиофор 19 жашында Стивен Спилбергдин "[[Амистад |Амистад]]" (англ. Amistad, 1997) тасмасында экинчи пландагы Жэймс Ковинин ролун аткарган.
 
Эжиофор "Кир жакшынакай нерселер" (англ. Dirty Pretty Things, 2002), "[[Серенити]]" (англ. Serenity, 2005), "[[Кулчулукта өткөргөн 12 жыл]]" (англ. 12 Years a Slave, 2013), "[[Доктор Стрэнж]]" (англ. Doctor Strange, 2016) жана "Марстык" (англ. The Martian, 2015) тасмаларында тартылган. "Кулчулукта өткөргөн 12 жыл" тасмасы үчүн ал "[["Оскар" сыйлыгы|Оскардын]]", "Алтын глобустун" жана "БАФТАнын" "Эң мыкты актер" сыйлыктарына көрсөтүлгөн. Ал 2014-жылы "Кырдагы бий" сериалындагы эмгеги үчүн "Эмминин" "Кичисериалдардагы же тасмадагы эң мыкты актер" сыйлыгына көрсөтүлгөн.
 
Эжиофор 2006-жылы "[[БАФТА|БАФТАнын]]" "Жаңыдан чыгып келаткан жылдыз", "Алтын глобустун" эки номинациясына жана 2008-жылы "Отеллодогу" ролу үчүн Лоуренсе Оливердин "Эң мыкты актер" сыйлыктарга татыган жана көрсөтүлгөн. 2008-жылы ал көркөм-өнөргө кылган кызматы үчүн каныша Элизабет IIнин "Британия империясынын офицер ордени" менен сыйланган. Ал 2015-жылы канышанын туулган күнүнө арналган сыйлык тапшыруу аземинде "Британ империясынын командир ордени" наамы менен даражасы көтөрүлгөн.
 
== Өмүр таржымалы ==