Айла-22: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''"Айла-22"''' ({{lang-en|Catch-22}}) — америкалык жазуучу [[Жосеф Хеллер|Жосеф Хеллердин]] сатиралык романы. Ал китепти 1953-жылы жазып баштап, биринчи жолу 1961-жылы басып чыгарган. Көп учурда ХХ кылымдын маанилүү романдарынын бири катары аталып келген эмгек өзгөчөлөнгөн хронологиялык эмес, үчүнчү жак менен, бардык нерсени билген баяндаманы колдонуп, ар кимдин көз карашы аркылуу окуяларды сүрөттөп берет. Өзүнчө окуялардын ырааты жок болгондуктан убакыт түрмөгү мазмун менен бирге өнүгөт.
 
Роман Экинчи дүйнөлүк согуш учурун, 1942-жылдан 1944-жылга чейинки окуяларды баяндайт. АКШ B-25 аба күчтөрүнүн чабуулчусу, капитан [[Жон Йоссариан|Жон Йоссариандын]] окуясына окурмандарды жетелейт. Китептеги окуялардын көбү Италиянын батыш тарабындагы Ак деңизде жайгашкан Пианоза аралына конгон фантастикалык 26-скадрон болуп жаткан учурду камтыйт. Роман Йоссариандын жана лагердеги башка аба аскерлеринин тажрыйбаларына сүңгүп кирет. Алар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарышып, бирок ошол эле убакта үйлөрүнө кайтып келүү максатында акыл-эстерин сактап калууга аракет кылышат.
 
Романдын аталышы окуяда маал-маалы менен аты аталган түзмөктү билдирет. "Айла-22нин" мазмуну парадоксалдуу талаптар менен башталат. Акыл-эси жагынан учууга жөндөмсүз болгон аба аскери учпаш керек болсо да учуудан баш тарта албайт. Китеп аяктайын деп калган жеринде бул акылга сыйбаган негизсиз чектөөлөрдүн чечмелениши чыгат. "Айла-22" сөз айкашы ошондон кийин анлис адабиятына кирип, чечүү жолу болбогон логикалык табышмак дегенди туюнтуп калган, кээде эки түйүн деп да айтылат.Романга ылайык, жинди кишилер учуучу миссияларды өзүнө албашы керек, бирок өз коопсуздугун ойлоп учуудан баш тартканы үчүн негиздүү жүйө келтирип жаткандыктан анын акыл-эси соо ошондуктан ал уча бериши керек.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Айла-22" булагынан алынды