Батперек учургандар (роман): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''"Батперек учургандар"''' ({{lang-en|}}) — ооган-америкалык жазуучу Халид Хоссейнинин биринчи романы...."
 
мNo edit summary
1-сап:
'''"Батперек учургандар"''' ({{lang-en|The Kite Runner}}) — ооган-америкалык жазуучу [[Халид Хоссейнин|Халид Хоссейнинин]] биринчи романы. 2003-жылы Riverhead Books тарабынан басылып чыгарылган роман кичинекей бала Амирдин окуясын баяндайт. Ал Кабулдун Вазир Акбар Хан аймагында жашайт жана эң жакын досу Хассан өзүнүн өгөй бир тууганы болот. Окуя Афганистандагы монархиянын кулашынан тарта Советтик аскерлердин өлкөгө киришине, көп сандаган афган качкындарынын Пакистан, Кошмо Штаттарга кеткенине чейинки башаламан окуяларды жана Талибан режимин чагылдырат.
 
Хоссейни "Батперек учургандар" — бул баяндоонун үй-бүлөлүк аспектине басым жасаган ата-бала окуясы деп комментарий берген. Мындай элементти ал өзүнүн кийинки эмгектеринде да колдонгон. Күнөө кылуу жана күнөө жуу темалары романда басымдуулук кылат. Хассанга болгон зордук-зомбулукту Амир токтото албай калганын сүрөттөгөн жеринде окуя туу чокусуна жетет. Китептин калган бөлүгүндө Амир Хассандын уулун жыйырма жылдан киийн куткаруу менен ошол катачылыктарын оңдоого аракет кылганы тууралуу баяндалат.