Да Винчинин коду: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''"Да Винчинин коду"''' ({{lang-en|The Da Vinci Code}}) — [[Дэн Браун|Дэн Браундун]] 2004-жылы жарык көргөн сырдуу детектив жанрындагы романы. Белгилерди изилдөөчү Роберт Лэңдон менен криптолог Софи Невөнүн окуясына окурмандарды жетелейт. Иса Машаяк менен магдалалык Мариямдын ыктымал өнөктөш болгону тууралуу талашып-тартышкан Сион приораты менен Опус Деинин жаңжалына аралашып калган окумуштуулардын окуясы Париждеги Лувр музейинде киши өлтүрүүдөн кийин башталат. Романдын аталышы, башка нерселер менен катар, Луврдагы улуу галереяда киши колдуу болгон биринчи курмандыкты табуу менен байланыштуу болуп саналат. Леонардо да Винчинин "Витрувиалык киши" аттуу белгилүү сүрөтүнө окшоштуруп жылаңачталган сөөктүн арт жагында сырдуу билдирүү жана көкүрөгүндө өз каны менен пентаграмма тартылган болот.
 
Роман альтернативдик дин тарыхын изилдеп, борбордук мазмуну Франциянын Меровиң падышалары Иса Машаяк менен магдалалык Мариямдын тукумунан келген деген идеяны камтыйт. Бул идеялар Клайв Принстин "Тамплиерлердин жаңылыгы" (1997) жана Маргарет Старбөрддүн китептеринен алынган. Китеп "Ыйык кан жана ыйык чыны" (1982) китебине да кайрылганы менен Дэн Браун анын изилдөө материал катары пайдаланылбаганын айткан.