Ромео жана Жулетта: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''"Ромео жана Жулетта"''' ({{lang-en|Romeo and Juliet}}) — [[Уилям Шекспир |Уилям Шекспир]] өз карьерасынын башталышында жазган трагедиялык чыгармасы. Анда бирин-бири сүйгөн жаштардын өлүмү алардын айыгышкан үй-бүлөлөрүн бириктиргени жөнүндө баяндалат. Бул Шекспирдин көзү тирүү кезинде Гамлет менен катар эң таанымал жана эң көп коюлган спектаклдеринин бири болгон. Бүгүнкү күндө башкы каармандар жаш сүйүшкөн түгөйлөрдүн баштапкы үлгүсү катары каралат.
 
"Ромео жана Жулетта" тамыры байыркы доорго чейин жайылган сүйүү трагедиясы жөнүндөгү салттык чыгармаларга таандык. Мазмуну 1562-жылы Артур Брук тарабынан которулган "Ромеус менен Жулеттанын кайгылуу окуясы" аттуу италян жомогуна жана 1567-жылы Уилям Пэйнтердин "Ырахат сарайы" аттуу прозасына негизделген. Шекспир жогорудагы эки эмгектен көп нерсе алган болсо да чыгарманын мазмунун өз алдынча Меркуцио жана Парис сыяктуу кошумча образдарды кийирүү менен өнүктүргөн. 1591 жана 1595-жылдардын ортосунда жазылган деп айтылып келген спектакль биринчи жолу кварто түрүндө 1597-жылы басылып чыгарылган. Биринчи кварто версиясынын сапаты начар болгону менен кийинки басылыштары Шекспирдин чыгармаларынын түп нускасына жакындаштырылып оңдолгон.