Улисс: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''"Улисс"''' ([[Англис тили|англ.]] Ulysses) - ирландиялык жазуучу [[Жеймс Жойс|Жеймс Жойстун]] модернисттик романы. Роман 1918-жылдын март айынан 1920-жылдын декабрына чейин америкалык The Little Review журналында серияларга бөлүнүп чыккан, андан соң 1922-жылдын 2-февралында, Парижде, Ж. Жойстун 40 жылдыгына карата Сильвия Бич тарабынан толугу менен басылып чыгарылган. Модернисттик адабияттын эң маанилүү чыгармаларынын бири болуп саналып, "бүткүл кыймылдын демонстрация менен жыйынтыгы" (англ. "a demonstration and summation of the entire movement") деп аталган. Деклан Киберддин айтканы боюнча, - "Жойско чейинки эч бир жазуучу ой жүгүртүү процессине ушунчалык көңүл бурган эмес".
 
Роман Леопольд Блумдун Дублиндеги бир күнүмдүк сейилдеп жүрүүсүн жана жолугууларын сүрөттөйт. Улисс - Гомердин "Одиссея" (англ. Odyssey) эпикалык поэмасынын Одиссей каарманынын латын тилиндеги ысмы. Роман менен поэманын бир канча окшоштуктары бар. 20-кылымдын алгачкы жылдарынын модернизм контекстиндеги окуялар жана тематикалары, ошондой эле Ирландиянын Улуу Британияга болгон мамилесинден тышкары, романда Леопольд Блум менен Одиссей, Молли Блум менен Пенелопа, Стивен Дедалус менен Телемахос каармандардын мүнөздөмөлөрүнүн жана тагдырларынын шайкештиги байкалат. Роман англис адабиятынын кылымдарынын ырааттуулугун ээрчип, өтө тез өзгөрмө мүнөзүнө ээ.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Улисс" булагынан алынды