Франкенштейн: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''"Франкенштейн"''' ({{lang-en|Frankenstein}}) же '''"Заманбап Прометей"''' ({{lang-en|}}) — англиялык жазуучу [[Мэри Шеллин|Мэри Шеллинин]] романы. Китепте салттык эмес илимий тажрыйба жүргүзүп, гротеск бирок адам түспөл макулук жараткан жаш окумуштуу Виктор Франкенштейндин окуясы баяндалат. Шелли 18 жашка толгондо окуяны жаза баштап, романдын биринчи басылышы анонимдик түрдө Лондондо 1818-жылы ал 20 жашта болгондо жарык көргөн. Анын аты-жөнү биринчи жолу 1823-жылы Парижде чыккан экинчи басылышында пайда болгон.
 
Шелли 1814-жылы Европаны кыдырып, Германиядагы Рейн дарыясына саякат кылып, Гернсхайм жергесине токтогон. Гернсхайм Франкенштейн сепилинен болгону 17 км алыстыкта жайгашкан. Аталган сепилде болсо эки кылым мурун бир алхимик тажрыйбаларды жүргүзүү менен алектенген. Кийинчерээк ал Женеванын (Швейцария) аймакатырынын бирине барган. Ошол жерде ал галванизм жана адаттан тыш темаларды жолдоштору, өзгөчө сүйгөнү жана келечектеги жубайы Перси Шелли менен кеп кылышкан Мэри, Перси, Лорд Байрон жана Жон Полидори өз ара ким эң мыкты коркунучтуу окуя жаза алат экен деп жарышууну чечишет. Бир канча күн ойлонгондон кийин Шеллинин түшүнө бир окумуштуунун колунан жаралган үрөй учурчу макулук кирет. Бул түш кийин анын романына айланган.