Difference between revisions of "Сингапур Улуттук Университети"

м
no edit summary
(Created page with "'''Сингапур Улуттук Университети''' ({{lang-en|}}; кыскартылышы: '''СУУ''') - Сингапурда көз карандысыз уни...")
 
м
'''Сингапур Улуттук Университети''' ({{lang-en|National University of Singapore}}; кыскартылышы: '''СУУ''') - [[Сингапур Республикасы|Сингапурда]] көз карандысыз университет болуп саналат. Бул университет 1905-жылы негизделген. Ал Сингапурда жогорку билим берүү институттарынын байыркысы болуп саналат, жана студенттерди кабыл алууда жана окуу программаларын сунуштаганы жагынан өлкөдөгү ири университет болуп саналат. СУУ изилдөө-демилгелери жана ишкерликке багытталган университет.
 
СУУ 2016-жылы QS World University Rankings жана Times Higher Education World University Rankings боюнча [[Азия|Азиядагы эң алдыңкы университети деп белгиленген. QS World University Rankings рейтингинде 2016-жылы СУУ дүйнөдө 12-орунду ал эми Азияда 1-орунду ээлеген. 2016-2017-жылдары да СУУ Times Higher Education World University Rankings рейтингинде дүйнөдөгү университтердин арасында 24-орунду, ал эми Азияда 1-орунду ээлеген. Андан тышкары, Shanghai Ranking Консалтинги тарабынан жарыяланган университеттердин жетишкендиктерин жана изилдөө аткаруу иштерин баалаган ARWU рейтинг системасы СУУну 2016-жылы дүйнөдөгү университеттердин арасында 83-орунду берген.
 
СУУнун башкы кампусу Түштүк-Батыш Сингапур менен Кент Риж чектешкен 150 гектар аянттан жайгашкан. Укук бөлүмү, Лии Куан Йеу Коомдук Башкаруу Мектеби жана изилдөө институттары Букит Тима кампусунда, Дүк-СУУ Медициналык Сингапур Мектеби Оутрам кампусунда жайгашкан.
== Шилтемелер ==
[[Категория:Университет]]
[[Категория:АКШ университеттери]]]
[[Категория:Университеттер алфавит боюнча]]]
872

edits