Гвинет Пэлтроу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
1-сап:
'''Гвинет Кейт Пэлтроу''' ({{lang-en|Gwyneth Paltrow}};/ Ɡwɪnᵻθ pæltroʊ /, 1972-жылы туулган) - америкалык актриса, ырчы, жана азык-түлүк темасы тууралуу жазган жазуучу. Ал "[[Жети]]" (англ. Seven, 1995) жана "[[Эмма]]" (англ. Emma, 1996) тасмаларына тартылып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурган. "[[Эшик жабылат, абайлаңыз]]" (англ. Sliding Doors, 1998) жана "[[Кынтыксыз өлтүрүү]]" (англ. A Perfect Murder, 1998) тасмаларына катышкан соң, "[[Ашык болгон Шекспир]]" (англ. Shakespeare in Love, 1998) тасмасындагы ролу ийгиликтүү болуп "[["Оскар" сыйлыгы|Оскар]]" сыйлыгына, "Алтын глобус" сыйлыгына жана АКШ киноактерлор Гильдиясынын эки сыйлыгына татыктуу болгон Г. Пэлтроу "[[Таланттуу Рипли мырза]]" (англ. The Talented Mr. Ripley, 1999), "Тененбаумдардын үй-бүлөсү" (англ. The Royal Tenenbaums, 2001), "Акылсыз Хэл" (англ. Shallow Hal, 2001) тасмаларында башкы жана эпизоддогу ролдорду ойногон. Актриса "Далил" (англ. Proof, 2005) тасмасындагы ролу үчүн "[[Алтын глобус]]" сыйлыгынын номинациясына талапкер болгон.
 
2008-жылдан баштап актриса "[[Темир Адам]]" (англ. Iron Man, 2008), "[[Темир адам 2]] " (англ. Iron Man 2, 2010), "[[Өч алуучулар]]" (англ. The Avengers, 2012) жана "[[Темир адам 3]] " (англ. Iron Man 3, 2013) тасмаларында Пеппер Поттстун образын жараткан. 2011-жылы актрисанын "Ыр" (англ. Glee) телесериалында ушул жанрдагы биринчи жана жалгыз ролу - Холли Холидейдин образын жараткан. Бул эмгеги жогору бааланып, "Комедия сериалына чакырылган эң мыкты актриса" деген номинацияда праймтаймдык "Эмми" сыйлыгын алган. Сериал бүткөнгө чейин актриса ал ролун кайталап ойноп турган.