Шон Бин: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
 
1-сап:
'''Шон Марк Бин''' ({{lang-en|Sean Bean}};1959-жылы 17-апрелде туулган) — кесиптик чөйрөдө Шон Бин /ˈʃɔːn ˈbiːn/ катары белгилүү, англиялык актер.
 
Лондондогу Драматикалык искусство королдук академиясын бүтүргөндөн кийин ал 1983-жылы "[[Ромео жана Жулетта|Ромео жана Жулеттанын]]" театралдык өндүрүшүндө катышуу менен кесиптик дебютун жасаган. Өзүнүн өзгөчөлөнгөн Йоркшир акценти менен ал "ITV" компаниясынын "[[Шарп]]" (англ. Sharpe) телесериалында Ричард Шарптын образын аткаруу менен чоң ийгиликке жетишкен. Андан кийин Бин "HBO" телекомпаниясынын [[Тактылар оюну (телесериал)|"Такты оюндары"]] (англ. Game of Thrones) эпикалык фантастикалык сериалында Нед Старктын ролун аткаруу менен, "BBCнин" "Айыпталуучулар" (англ. Accused) антологиялык телесериалында жана ошондой эле "ITVнин" "Генри VIII" (англ. Henry VIII) тарыхый драма киносериалында тартылып ийгилик жаратуусун уланткан. Анын эң көрүнүктүү аткарган ролу [[Шакектер ээси: Шакектин тарапташтары|"Шакектер ээси"]] (англ. The Lord of the Rings, 2001-2003) үчилтигиндеги Боромирдин элеси болуп калган.
 
Ал "[[Жеймс Бонд]]" сериясындагы "[[Алтын көз]]" (англ. GoldenEye, 1995), "[[Троя]]" (англ. Troy, 2004), "[[Патриот оюндары]]" (англ. Patriot Games, 1992), "Ронин" (англ. Ronin, 1998), "[[Улуттук кенч]]" (англ. National Treasure, 2004), "[[Түндүк өлкө]]" (англ. North Country, 2005), "[[Арал]]" (англ. The Island, 2005), "Үнсүз дөңсө" (англ. Silent Hill, 2006), "[[Кара өлүм]]" (англ. Black Death, 2010), "[[Юпитердин көтөрүлүшү]]" (англ. Jupiter Ascending, 2015) жана "Марстык" (англ. The Martian, 2015) тасмаларында да тартылган. Бин үн актеру катары "Байыркы жазма булактар IV: Обливион" (англ. The Elder Scrolls IV: Oblivion), "Сид Мейердин цивилизациясы VI" (англ. Sid Meier's Civilization VI) видео оюндарына жана "Кэнтербери жомоктору" (англ. The Canterbury Tales) драма телесериалында жана башка бир нече өндүрүштөргө салым кошкон. Ал өз карьерасында бир нече сыйлыктарды алып, "Эл аралык Эмми сыйлыгынын" "Эң мыкты актер" наамын утуп алган. Ошондой эле ал "БАФТА" жана "Сатурн" сыйлыктарына көрсөтүлгөн.
 
== Өмүр таржымалы ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Шон_Бин" булагынан алынды