Шарлиз Терон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
1-сап:
'''Шарлиз Терон''' ({{lang-en|Charlize Theron}};/ ʃɑːrliːz θɛrən / shar-leez therr-ən, же shar-lees thair-en; Afrikaans: [ʃarˈlis trɔn];; 1975-жылдын 7-августунда туулган) - Түштүк африкалык жана америкалык актриса жана продюсер. Актриса Голливуддун "Шайтандын жактоочусу" (англ. The Devil's Advocate, 1997), "[[Күч-кубаттуу Жо Яң |Күч-кубаттуу Жо Яң]]" ​​(англ. Mighty Joe Young, 1998), "Шарап жасоочулардын жашоосу (англ. The Cider House Rules, 1999), "[[Желмогуз |Желмогуз]]" (англ. Monster, 2003), "Италиялыкча карактоо (англ. The Italian Job, 2003), [[Ханкок |Ханкок]] (англ. Hancock, 2008), "[[Батышта өлүүнүн миллион жолу]]" (англ. A Million Ways to Die in the West, 2014), "[[Акылсыз Макс]]" ( англ. Mad Макс: Fury Road , 2015) "[[Форсаж 8 |Форсаж 8]]" (англ. The Fate of the Furious, 2017) тасмаларында ойногон.
 
Ш. Терон "Желмогуз" (англ. Monster, 2003), тасмасында киши өлтүргүч Эйлин Уорностун ролун мыкты аткаргандыгы үчүн мактоолорго татыган, ушул ролу үчүн "[["Оскар" сыйлыгы|Оскар]]" сыйлыгын, Берлин кинофестивалынын "Күмүш аюу" сыйлыгын, "[[Алтын глобус]]" сыйлыгын, АКШ киноактерлер Гильдиясынын "Эң мыкты актриса"(Эң мыкты аялдын ролу) номинациясын жеңген алгачкы Түштүк Африкалык актриса болуп калган. Ал 2005-жылы "[[Түндүк өлкө (тасма)|Түндүк өлкө]]" (англ. North Country) тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарына талапкер болсо, Жейсон Райтман тарткан "[[Мэвис Гэри]]" (англ. Young Adult) тасмасындагы ролу үчүн дагы "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлгөн.
 
Актриса 2007-жылы Түштүк Африка жарандыгын сактап калуу менен АКШнын жарандыгын алган. 2000-жылдардын акырынан тарта Терон телекөрсөтүү жана кинода жана теледе продюсерлик жумушту аркалай баштаган. 2006-жылы "[[Чыгыш Гавана]]" (англ. East of Havana) аттуу документалдык тасманы продюсер катары жарыкка чыгарган. Актриса "[[Күйгөн талаа]]" (англ. The Burning Plain, 2008) жана "Караңгы жайлар" (англ. Dark Places) тасмаларында роль жаратып, продюсердик кызматты дагы аркалаган. 2012-жылы Ш. Терон "[[Аппак кыз жана Мергенчи]]"(англ. Snow White and the Huntsman) жана "[[Прометей]]" (англ. Prometheus) тасмаларында ойногон, эки фильм тең прокатта жакшы киреше алып келген. 2016-жылы, Time журналы " Жылдын 100 эң таасирдүү инсандар" тизмесине Ш. Терондун ысмын кошкон.
 
== Өмүр таржымалы ==