Питер Жексон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
1-сап:
'''Сэр Питер Жексон''' ({{lang-en|Peter Jackson}};1961-жылы 31-октябрда туулган) — жаңызеландиялык режиссер, сценарист жана продюсер. Ал «Шакектер ээси» (2001-2003) жана «Гоббит» (2012-2014) үчилтиктеринин режиссеру, сценаристи жана продюсери катары таанымал. Эки тасма тең Жон Роналд Руэл Толкиндин окшош аталыштагы романынан ылайыкташтырылып тартылган. Башка белгилүү тасмаларына «[[Бейиштик жандыктар]]» (1994), «[[Унутулган күмүш]]» (1995), «[[Коркуткандар]]» (1996), «[[Киң Коң]]» (2005) жана «[[Сүйүктүү сөөктөр]]» (2009) кирет. Ал «9-район» (2009), «[[Тинтиндин окуялары]]» (2011) жана «Мемфистин батышы» (2012) тасмаларына продюсерлик кылган.
 
Жексон өз карьерасын «Жаман табит» (1987) аттуу сплэттер коркунучтуу комедия тасмасы, «[[Фиблдерге жолук]]» (1989) жана «[[Мээси өлгөн]]» (1992) кинолору менен баштаган. «Бейиштик жандыктар» тасмасы менен ал «Оскардын» «Эң мыкты сценарий» номинациясына өнөктөшү Фрэн Уолш экөө көрсөтүлгөн. Бул аны киноиндустриясындагы атак-даңкка жеткирген. Жексон өз карьерасында «[["Оскар" сыйлыгы|Оскардын]]» үч сыйлыгына татыган, анын ичинде 2003-жылдагы «Эң мыкты режиссер» наамы да бар. Ошондой эле ал «[[Алтын глобус]]», «[[Сатурн]]» жана «[[БАФТА]]» сыйлыктарынын ээси.
 
Анын «Wingnut Films» аттуу өндүрүштүк компаниясы бар, ал эми туруктуу кызматташкан сценаристтери менен продюсерлери Уолш менен Филиппа Бойенс болуп саналат. Жексон [[Жаңы Зеландия|Жаңы Зеландияга]] сиңирген эмгеги үчүн 2002-жылы орден менен сыйланган. Кийинчерээк ал Жаңы Зеландиянын генерал-губернатору Ананд Сатянанд тарабынан 2010-жылдын апрель айында Веллингтондогу салтанаттуу кечеде өзгөчө орден менен сыйланган. 2014-жылдын декабрь айында Жексон Голливуддагы жылдыздар аллеясына аты чегилип сыйга татыган.