Кит Хэриңтон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
мNo edit summary
1-сап:
'''Кристофер Кэтсби Хэриңтон''' ({{lang-en|Kit Harington}}; 1986-жылы, 26-декабрда туулган) - англиялык актер, Кит Хэриңтон деген ат менен белгилүү.
 
Ал Эктон, Лондондо төрөлүп өскөн. Хэриңтон актерлук чеберчиликти театралдык мектептен окуп, ошол эле учурда Улуттук театрдагы "[[Согуш аты]]" адаптациясында катышкан. Ал дебюттук түрдө "[[Сайлент Хилл: Ачылыш]]" (анг. Silent Hill: Revelation, 2012) тасмасында тартылган. Андан бери ал "[[Помпей]]" (анг. Pompeii, 2014), "[[Ажыдаарыңды кантип машыктырышың керек 2]]" (анг. How to Train Your Dragon 2, 2014) жана "[[Жаштыкты эскерүү]]" (анг. Testament of Youth, 2014) тасмаларында тартылган.
 
2011-жылдан бери Хэриңтон HBO телеканалындагы "[[Тактылар оюну]]" (анг. Game of Thrones ) телесериалында Жон Сноудун ролун аткаруу менен атактуулукка жеткен. Бул ролу үчүн ал 2016-жылы "[[Primetime Emmy]]" сыйлыгынын наамына көрсөтүлгөн. Ал эми 2017-жылы ал "Тактылар оюну" сериалынын ар бир эпизоду үчүн 2 миллион фунт табуу менен, телесериалдардагы эң көп төлөнгөн актерго айланган.
 
The Global Times жүргүзгөн интернет добуш берүүсүнө ылайык көрүүчүлөрдүн көбү режиссер [[Жеймс Хоң]] тарткан "[[Акыркы сеанс]]" (анг.The Last Seance ) аттуу тасма жана телесериал адаптациясындагы эң сүйүктүү баш каарманы Хэриңтонго добуш беришкен.
 
== Өмүр таржымалы ==