Difference between revisions of "Кира Найтли"

м
no edit summary
м
м
 
'''Кира Кристина Найтли''' ({{lang-en|Keira Knightley}};/ ˌkɪərə naɪtli /; 1985-жылдын 26-мартында туулган) -англиялык актриса. Ал бала кезинен эле телекөрсөтүүлөргө тартылып, биринчи тасмалык дебюту 1995-жылы ачылган. Бир нече тасмаларда экинчи пландагы ролдорду жараткандан соң, "[[Бекхэмдей ойно]]" (англ. Bend It Like Beckham) тасмасындагы ролу актрисага ийгилик алып келген. Актриса "[[Кариб деңизинин каракчылары]]" (англ. Pirates of the Caribbean) деген тасмадагы Элизабет Суонндун ролу аркылуу дүйнөгө атагы чыкты. Голливуддагы эң кирешелүү актрисалардын бир катары таанылган актриса Empire сыйлыгын уткан жана "[["Оскар" сыйлыгы|Оскар]]" жана "[[Алтын глобус |Алтын глобус]]" сыйлыктарына бир нече ирет талапкер болгон.
 
Кира Найтли "[[Намыс жана көмүскө ишеним]]" (англ. Pride & Prejudice, 2005) тарыхый тасмасындагы ролу үчүн [["Оскар" сыйлыгы|"Оскар" сыйлыгынын]] "Эң мыкты актриса" номинациясына жана "Алтын глобус" сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясына талапкер болгон. "Күнөөлөрдөн арылуу" (англ. Atonement, 2007) тасмасындагы ролу үчүн кайрадан "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлгөн.Ошондой эле "[[Жибек]]" (англ. Silk, 2007); "[[Герцогиня]]" (англ. The Duchess, 2008); "[[Коркунучтуу жол]]" (англ. A Dangerous Method, 2011) жана "[[Анна Каренина]]" (англ. Anna Karenina, 2012) сыяктуу тасмалардагы ролдору менен көрүүчүлөрдүн эсинде калган. К. Найтли кинонун ар түрдүү жанрларында роль жараткан. Актриса "[[Чыныгы сүйүү]]" (англ. Love Actually, 2003) тасмасына тартылса, "[[Артур падыша]]" (King Arthur, 2004) тарыхый тасмасында Гвиневранын ролун ойногон. 2005-жылы "[[Күрмө]]" (англ. Jacket) тасмасыне жана "Домино" (англ. Domino) деген биографиялык экшн тасмасына тартылган. 2008-жылы актриса "[[Махабаттын чеги]]" (англ. the The Edge of Love) жана 2010-жылы "[[Жан сакчы]]"(London Boulevard деген тасмаларда ойногон. "[[Менден кетпе]]" (англ. Never Let Me Go) илимий-фантастикалуу тасмасынде 2010-жылы катышкан, ушул эле жылы "[[Акыркы түн]]" (англ. Last Night) мелодрамасында роль жараткан. Анын 2012-жылы тартылган тасмасы "[[Кыяматтык дос издеймин]]" (англ. the Seeking a Friend for the End of the World) болду.
 
== Өмүр таржымалы ==
872

edits