Киану Ривз: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
1-сап:
'''Киану Чарльз Ривз''' ({{lang-en|Keanu Reeves}};/kiːˈɑːnuː/ kee-ah-noo; 1964-жылдын 2-сентябрында туулган) - канадалык актер, продюсер жана музыкант. К. Ривздин чыгармачылык жолу 1985-жылы башталган жана отуз жылдан ашуун убакыттан бери кино тармагында эмгектенип келет. Ал "[[Билл жана Теддин укмуштуу жоруктары]]" (англ. Bill & Ted's Excellent Adventure, 1989-1991), "[[Сабырдын чеги]]" (англ. Point Break), "[[Ылдамдык]]" (англ. Speed, 1994), "[[Шайтандын жактоочусу]]" (англ. The Devil's Advocate, 1997), "[[Константин]]" ( англ.Constantine, 2005) жана "[[Матрица]]" (англ. The Matrix, 1999–2003) сыяктуу блокбастер жана комедия тасмаларында ролдорду ойногон. К. Ривз "[[Коркунучтуу байланыш]]" (англ. Dangerous Liaisons, 1988), "[[Менин жеке штатым Айдахо]]" (англ. My Own Private Idaho, 1991), "[[Кичинекей Будда]]" (англ. Little Buddha, 1993) жана "[[Дракула]]" (англ. Dracula, 1992) деген драмалык тасмаларында дагы катышкан.
 
Кино тармагындагы жигердүү эмгеги үчүн актер сый-урматка ээ болгон. New York Times гезитинде бир киносынчы "К. Ривздин ар тараптуу актер катары мыкты тажрыйбасы бар, ойноо диапозону кеңири экендигин белгилейт. Ал полиция аралашкан окуяны чагылдырган олуттуу жүрүм-турумдагы образдан тез эле күлкүлүү комедиялык каармандын образына өтө алат ". Бирок, К. Ривз кийинки тасмаларында бир түрдүү образды жараткан актер катары эсте калды. Бир турдүү образдарда Тед Логандын, Будданын, Неонун, Жонни Мнемониктин, Жон Константинтин, Клаатунун ролдорун ойногон. Анын актердук жетишкендиктери жогору бааланып, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон жана "Голливуд атак-даңк аллеясынын жылдызы" ( Hollywood Walk of Fame) наамы ыйгарылган.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Киану_Ривз" булагынан алынды