Кэн Ватанабэ: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
1-сап:
'''Кен Ватанабэ''' ({{lang-en|Ken Watanabe}};渡 辺 謙? Ватанабэ Кен, 1959-жылдын 21-октябрында туулган) - жапон актеру. Англис тилдүү көрүүчүлөргө актер "[[Ивожимадан кат]]" (англ. Letters from Iwo Jima) согуш драмасында генерал Тадамичи Кирибаясинин ролу жана "Акыркы самурай" (англ. The Last Samurai) тасмаларындагы ролу менен белгилүү болгон. Аталган фильмдеги ролу үчүн [["Оскар" сыйлыгы|"Оскар" сыйлыгынын]] "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясына көрсөтүлгөн. Актер Япония киноакадемиясынын сыйлыгын "Эң мыкты актер" номинациясында 2007-жылы "[[Эртеңкини эскерип]]" (англ. Memories of Tomorrow) жана 2010-жылы "[[Күн эч качан батпайт]]" (англ. Shizumanu Taiyō) тасмаларындагы ролдору үчүн татыктуу болгон. К. Ватанабэ режиссер Кристофер Нолан тарткан голливуд тасмалары "[[Бэтмен]]" (англ. Batman Begins) жана "[[Башталыш]] (англ. Inception) тасмаларында дагы ойногон. 2014-жылы актер "[[Годзилла]]" (англ. Godzilla) фантастикалык боевик тасмасында роль жаратса, "[[Трансформерлер: Кыруу доору]]" (англ. Transformers: Age of Extinction) жана Трансформерлер: Акыркы рыцарь" (англ. Transformers: The Last Knight) тасмаларында үн коштоп, автобот Дрифттин ролун ойногон.
 
Ал биринчи жолу Бродвей сахнасында 2015-жылдын апрель айында "[[Падыша жана мен]]" (англ. The King and I) пьесасында Келли О' Хара (Анна Лионовинс) менен өнөктөш болуп падыша Сиамдын ролун ойногон. 2015-жылы К. Ватанабэ "[[Тони]]" сыйлыгына анын 69- расмий аземинде "Мюзиклдеги эң мыкты башкы роль" номинациясында падыша Сиамдын ролу үчүн көрсөтүлгөн. Актер аталган номинацияда сыйлыкка талапкер болгон биринчи жапон актеру.
 
== Өмүр таржымалы ==