Кевин Спейси: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
1-сап:
'''Кевин Спейси Фоулер''' ({{lang-en|Kevin Spacey}};1959-жылы 26-июлда туулган) — Кевин Спейси деген ысым менен белгилүү болгон америкалык актер, режиссер, продюсер, сценарист жана ырчы. Ал кинодо жана телесериалдарда экинчи пландагы ролдорду аткарганга чейин өз карьерасын 1980-жылдары сахна актеру катары баштаган. Спейси "[[Шектүү жүздөр]]" (англ. Usual Suspects, 1995) тасмасындагы ролу үчүн киносынчылардын баасына татып, өзүнүн алгачкы "Экинчи пландагы эң мыкты актер" [["Оскар" сыйлыгы|"Оскар" сыйлыгына]] жана "[[Американын сулуулугу]]" (англ. American Beauty, 1999) тасмасы менен "Оскардын" "Эң мыкты актер" наамына ээ болгон.
 
Ал тартылган башка тасмаларга "[[Акулалар менен сүзүү]]" (англ. Swimming with Sharks, 1994), "[[Жети]]" (англ. Seven, 1995), "[[Купуя]]" (англ. L.A. Confidential, 1997), "[[Башкага төлөп кой]]" (англ. Pay It Forward, 2000), "[[Кей-Пакс]]" (англ. K-PAX, 2001) жана "[[Супермэндин кайтышы]]" (англ. Superman Returns, 2006) кинофильмдери кирет.
 
Спейси Бродвей театрындагы "[[Йонкерсте жоголгон]]" (англ. Lost in Yonkers) спектаклине катышканы үчүн "Тони" сыйлыгын утуп алган. 2017-жылы ал 71-"Тони" сыйлык тапшыруу аземин алып барган. Ал 2004-жылдан 2015-жылдын ортолорунда кызматтан кеткенге чейин Лондондогу Олд Вик театрынын көркөм жетекчиси болуп иштеген. 2013-жылдан тартып Спейси "Netflix" компаниясынын "[[Оюнчук үй]]" (англ. House of Cards) саясий драма сериалында Фрэнк Андервуддун ролун аткарып келет. Андервуддун образын ачып бергени үчүн ал "Алтын глобустун" "Эң мыкты актер — драма телесериалы" сыйлыгына ээ болгон. Ага улай эле АКШ киноактерлор гилдиясынын "Драма сериалындагы эң мыкты актер" аттуу эки сыйлыгын утуп алган.
 
== Өмүр таржымалы ==