Итан Хоук: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
1-сап:
'''Итан Грин Хоук''' ({{lang-en|Ethan Hawke}}; 1970-жылы, 6-ноябрда туулган) - америкалык актер, жазуучу, романист жана режиссер. Ал төрт жолу "[["Оскар" сыйлыгы|Оскар]]" сыйлыгына жана бир жолу "Тони" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Хоук эки тасма тарткан жана үч Бродвей спектаклдерин жетектеген жана бир документалдуу тасма тарткан. Ошондой эле "[[Эң ысык штат]]" (анг. The Hottest State,1996), "[[Шейшемби күлү]]" (анг. Ash Wednesday, 2002) жана "[[Рыцардын эрежелери]]" (анг. Rules for a Knight, 2015) романдарын жазган.
 
Ал 1985-жылы "[[Изилдөөчүлөр]]" (анг. Explorers) аттуу илимий-фантастикалуу тасмада дебюттук түрдө тартылган жана 1989-жылы "Каза болгон поэттердин коомчулугу" (анг. Dead Poets Society) драмасында тартылуу менен чоң ийгилик жараткан. Андан соң Хоук 1994-жылы Generation X телеканалындагы "[[Ачуу чындык]]" (анг. Reality Bites) тасмасында тартылган жана тасмадагы ролу үчүн алкышка ээ болгон. 1995-жылы ал биринчи жолу Ричард Линклатердин "Күн чыкканга чейин" (анг. Before Sunrise), "[[Күн батканга чейин]]" (анг. Before Sunset, 2004) жана " Түнгө чейин" (анг. Before Midnight, 2013) үчилтиктүү романтикалуу тасмаларында Жули Делфи менен биргеликте тартылган жана ал тасмалардын баарың жакшы сын-пикирлерге ээ болгон.
 
Хоук "[[Оскар]]" сыйлыгынын "Эң мыкты адаптацияланган сценарий" жана "Экинчи пландагы эң мыкты актер" наамдарына көрсөтүлгөн. Анын "[[Күн батканга чейин]]" (анг. Before Sunset ) жана "[[Түнгө чейин]]" (анг. Before Midnight) тасмаларына жазган сценарийлери жана "[[Машыгуу күнү]]" (анг. Training Day, 2001) жана "[[Бала чак]]" (анг. Boyhood, 2014) тасмаларындагы ролдору чоң мактоого арзыган. Хоук эки тасмадагы ролу үчүн тең "SAG" жана "[[BAFTA]]" сыйлыктарына жана бирөөсү үчүн "[[Алтын Глобус]]" сыйлыгына көрсөтүлгөн.
 
Анын катышуусундагы башка тасмалар: "[[Гаттака]]" (анг. Gattaca, 1997), "[[Гамлет]]" (анг. Hamlet, 2000), "[[13 аймакка кол салуу]]" (анг. Assault on Precinct 13, 2005), "[[Шайтан сенин өлгөнүңдү билгенге чейин]]" (анг. Before the Devil Knows You're Dead , 2007), "[[Синистер]]" (анг. Sinister, 2012).
 
== Өмүр таржымалы ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Итан_Хоук" булагынан алынды