Жоэл Эдгертон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
 
1-сап:
'''Жоэл Эдгертон''' ({{lang-en|Joel Edgerton}};1974-жылы 23-июнда туулган) — австралиялык актер жана киночу. Ал "[[Жылдыздар согушу: Клондордун кол салуусу]]" (англ. Star Wars: Episode II – Attack of the Clones), "[[Согушкер]]" (англ. Warrior), "[[Зат]]" (англ. The Thing), "[[Бута номур бир]]" (англ. Zero Dark Thirty) жана "[[Улуу Гэтсби]]" (англ. The Great Gatsby) сыяктуу тасмаларда тартылган. Эдгертон "[[Соңку китеп: Кудайлар жана падышалар]]" (англ. Exodus: Gods and Kings) тасмасында негизги терс каарман Рамсес IIнин ролун аткарган жана 2015-жылдагы "[[Кара масса]]" (англ. Black Mass) драмасында Жонни Депп менен бирге тартылган.
 
Эдгертон Австралияда "[[Биздин сырдуу жашообуз]]" (англ. The Secret Life of Us) тасмасында Уилл Макгиллдин образын жаратып, 2002-жылы "AACTAнын" "Драма киносериалында эң мыкты актердун ролу" наамын утуп алган жана "[[Жаныбарлар дүйнөсү]]" (англ. Animal Kingdom) тасмасына тартылып, "AACTAнын" "Экинчи пландагы эң мыкты актер" сыйлыгына татыган.
 
2015-жылы Эдгертон АКШ кинорежиссерлор гилдиясынын "Чыгаан режиссер — алгачкы тасма" сыйлыгына "[[Белек]]" (англ. The Gift) тасмасы менен көрсөтүлгөн. Аталган психологиялык триллер тасмасында ал сценарийин жазган, режиссерлук кылган, продюсерлеринин бири болуп, өзү да тартылган.
 
Эдгертон "[[Лавиң]]" тасмасында Ричард Лавиңдин образын ачып бергени үчүн киносынчылардын оң баасына татып, "[[Алтын глобустун]]" "Эң мыкты актер — драма тасмасы" номинациясына көрсөтүлгөн. Ал жакын арада Жэйсон Мэттүнүн "[[Кызыл таранчы]]" китебинен ылайыкташтырылган тасмада Натаниел Нэштин образын аткармакчы.
 
== Өмүр таржымалы ==