Жим Керри: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
 
1-сап:
'''Жеймс Үжин "Жим" Керри''' ({{lang-en|Jim Carrey}};/ kæri / 1962-жылы 17-январда туулган) - канадалык-америкалык актер, куудул, сүрөтчү, режиссер жана продюсер. Анын ролдору күчтүү энергияга ээ жана бир аз күлкүлүү.
 
Ж. Керри 1990-жылы тартылган "[[Ар түрдүү түстө]]" (англ. In Living Color) комедиялык телесериалында ар түрдүү ролдордо ойноп таанымал болгон. Актер "Эйс Вентура: Үй жаныбарларын издөө" (англ. Ace Ventura: Pet Detective (1994), "[[Келесоо жана андан дагы келесоо]]" (англ. Dumb and Dumber, 1994), "[[Маска]]" (англ. The Mask, 1994) жана "[[Эйс Вентура: Табият чакырат]]" (англ. Ace Ventura: When Nature Calls, 1995), "[[Калпычы]]" (англ. Liar Liar, 1997) тасмаларында башкы ролдорду ойносо, "Түбөлүктүү Бэтмен" (англ. Batman Forever, 1995) тасмасында эпизоддук каармандын образын жараткан. Анын "Труман шоусу" (The Truman Show, 1998) жана "[[Айдагы адам]]" (англ. Man on the Moon, 1999) тасмаларындаги эмгеги бааланып, "Эң мыкты актер" номинациясында "Алтын глобус" сыйлыгын багындырган.
 
2000-жылдары актердун чыгармачылыгы баралына келип, "[[Рождествону сүйбөгөн Гринч]]" (англ. Grinch in How the Grinch Stole Christmas, 2000), "[[Күч кубаттуу Брюс]]" (англ. Bruce Almighty, 2003) тасмаларына тартылган "[[Таза акылдын түбөлүк жаркырашы]]" (англ. Eternal Sunshine of the Spotless Mind, 2004) романтикалык драмасындагы ролу үчүн "Башкы ролдогу эң мыкты актер" номинациясында Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгына талапкер болгон. "Лемони Сникет: бакыт кушу колдон учканда" (англ. Lemony Snicket's A Series of Unfortunate Events, 2004), "[[Дик жана Жейн алдамчылар]]" (англ. Fun with Dick and Jane, 2005) "[[Ар дайым ооба дегин |Ар дайым ооба дегин]]" (англ. Yes Man, 2008), "[[Хортон]]" (англ. Horton Hears a Who, 2008) жана "[[Жаңы жылдык (Рождестводогу) жомок]]" (англ. A Christmas Carol, 2009) тасмаларында роль жараткан.
 
2010-жылы "Мырза Поппердин пингвиндери" (англ. Mr. Popper's Penguins, 2011) жана " Укмуштуудай Берт Уандерстоун" (англ. The Incredible Burt Wonderstone, 2013) тасмаларында катышкан. 2013-жылы "[[Зыңк 2]]" (англ. Kick-Ass 2) тасмасында банданын башчысы Бертолининин ролун аткарган. Аталган тасма жарыкка чыгарына эки ай калганда актер фильмге болгон терс көз карашын билдирген. Ал өзүнүн Твиттер баракчасына "Мен "Сэнди-Хук" мектебиндеги атышуудан бир ай мурда "Зыңк 2 " (англ. (англ. Kick-Ass 2) тасмасына тартылгамын. Бирок азыр чын жүрөгүмдөн мындай зордук-зомбулукту колдобогондугумду билдиремин. Ж.Керри "Келесоо жана андан дагы келесоо 2" (англ. Dumb and Dumber 2, 2014) тасмасында Ллойд Кристмастын кейипкерин ойногон.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жим_Керри" булагынан алынды