Difference between revisions of "Жереми Реннер"

no edit summary
м
'''Жереми Ли Реннер''' ({{lang-en|Jeremy Renner}}; 1971-жылы, 7-январда туулган) - америкалык актер жана ырчы. 2000-жылдар боюнча ал негизинен "[[Дамер]]"(анг. Dahmer, 2002) жана "[[Нео Нед]]" (анг. Neo Ned, 2005) сыяктуу көз-карандысыз тасмаларда тартылган. Ошондой эле "[[Атайын куралдар жана ыкмалар]]" (анг. S.W.A.T., 2003) жана "[[28 аптадан кийин]]"(анг. 28 Weeks Later, 2007) сыяктуу чоң тасмаларда экинчи пландагы каармандын ролун аткарган. Ал эми "[[Шаарча]]"(анг. The Town, 2010) тасмасынан кийин чоң алкышка ээ болуп, "[["Оскар" сыйлыгы|Оскар]]" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты аткер" наамына көрсөтүлгөн.
 
Реннер "[[Оору кутусу]]" (анг. The Hurt Locker, 2008) тасмасындагы ролу менен атактуулукка жеткен жана ал үчүн "[[Оскар]]" сыйлыгынын "Эң мыкты актер" наамына көрсөтүлгөн. Ошондой эле ал "Marvel Cinematic Universe" тасмаларынын бири "[[Тор]]" (Thor, 2011) тасмасында Хоукинин ролун аткаргандыгы менен, "[[Marvel]]" студиясынын "[[Өч алуучулар]]" (анг. Avengers, 2012), "[[Өч алгычтар: Алтрон доору]]"(анг. Avengers: Age of Ultron, 2015) жана "[[Капитан Америка: Жарандык согуш]]" (анг. Captain America: Civil War, 2016) тасмаларындагы ролдору менен да белгилүү. Ал ошондой эле ийгилик жараткан- "[[Миссия: Аткарылгыс- Арбак протоколу]]"(анг. Mission: Impossible- Ghost Protocol,2011), "[[Борндун мурасы]]" (анг. The Bourne Legacy, 2012), "[[Хансел жана Гретел: Жезкемпирди издөөчүлөр]]"(анг. Hansel and Gretel: Witch Hunters, 2013), "[[Америкалык афера]]" (анг. American Hustle, 2013), "[[Миссия: Аткарылгыс- Шылуундар эли]]" (анг. Mission: Impossible- Rogue Nation, 2015) жана "[[Кайтып келүү]]" (анг. Arrival, 2016) сыяктуу тасмаларда да тартылган.
 
== Өмүр таржымалы ==
872

edits