Женнифер Коннелли: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
1-сап:
'''Женнифер Линн Коннелли''' ({{lang-en|Jennifer Connelly}};1970-жылы 12-декабрда туулган) — өз эмгек жолун кичине кезинен тарта модел катары баштаган америкалык киноактриса. Ал "[[Бир жолу Америкада]]" (англ. Once Upon a Time in America) тасмасында дебют жасаганга чейин журнал, гезит жана телекөрсөтүү жарнамаларында тартылган. Коннелли моделдикти жана актердукту улантып, 1985-жылы жарык көргөн "Кубулуш" (англ. Phenomena) коркунучтуу кинотасмада башкы каармандын ролунда, 1986-жылдагы "[[Лабиринт]]" (англ. Labyrinth) жана 1991-жылдагы "[[Карьералык мүмкүнчүлүктөр]]" (англ. Career Opportunities) жана "[[Ракетачы]]" (англ. The Rocketeer) тасмаларында тартылган. Ал 1998-жылы чыккан "[[Караңгы шаар]]" (англ. Dark City) тасмасына жумшаган эмгеги үчүн жана 2000-жылдагы "[[Кыял реквиеми]]" (англ. Requiem for a Dream) драмасында Марион Силвердин образын жаратканы үчүн киносынчылардын оң баасына татыган.
 
2002-жылы Коннелли "[[Кооз акыл-эс]]" (англ. A Beautiful Mind) тасмасында экинчи пландагы ролу үчүн "[[Оскар]]", "[[Алтын глобус]]" жана "[[БАФТА|БАФТАнын]]" сыйлыктарын утуп алган. Кийинчерээк ал 2003-жылы жарык көргөн "Marvel" компаниясынын супер баатырлар тасмасы "Халк" (англ. Hulk), "[[Кара суу]]" (англ. Dark Water), "[[Кан алмаз]]" (англ. Blood Diamond), "[[Жер токтоп калган күн]]" (англ. The Day the Earth Stood Still), "Ал гана эмес" (англ. He's Just Not That Into You) жана "[[Жаралуу]]" (англ. Creation) тасмаларында да тартылган. Ал "Кыял реквиеминин" режиссеру Даррен Аранофский менен "Кооз акыл-эсте" чогуу тартылган Рассел Кроу менен 2014-жылы жарык көргөн библиялык эпикалык "[[Нух]]" (англ. Noah) кинотасмасында кайра биригишкен.
 
2005-жылы Коннелли "Amnesty International" уюмунун адам укуктары боюнча билим берүү элчиси болуп дайындалган. Ал "Balenciaga" мода үйүнүн жүзү болгон жана "Revlon" косметикалык каражаттар компаниясынын жарнамаларында тартылган. 2012-жылы ал "Shiseido" компаниясынын биринчи дүйнөлүк жүзү болуп калган. "Time", "Vanity" жана "Esquire" журналдары, ошондой эле "Los Angeles Times" гезити аны өздөрүнүн дүйнөдөгү эң сулуу аялдардын тизмесине киргизишкен.