Difference between revisions of "Жеки Чан"

м
no edit summary
м
м
'''Жеки Чан ''' ({{lang-en|Jackie Chan}}; {{lang-zh|成龍}}, ''Чең Луң''; {{lang-zh|陳港生}}, ''Чен Гаңшең'' («[[Гонконг|Гоңконгдо]] туулган Чен»); кээде ''Чан Коңсаң'' жана ''Фан Шилуң'' деп айтылат. [[7-апрель]] [[1954|1954 жылы]] [[Гонконг]] шаарында туулган) — гонконг жана [[АКШ|америка]] [[актёр|актёру]], [[каскадёр]], [[кинорежиссёр]], [[продюсер]], [[сценарист]], трюктарды жана мушташуу оюдарын коюуучу, [[ырчы]], [[БУУ|БУУнун]] өз эркинче элчиси. Тасмаларда актер [[Акробатика|акробатикалык]] күрөш ыкмалары, күлкүлүү кыймыл-аракети, жана ар түрдүү куралдарды мушташта колдоно билгени жана өзү аткарган каскадерлук трюктары менен белгилүү. Ал кунг-фу жана хапкидо менен машыккан. Актер 1960-жылдардан тарта тасмаларда катышып, жүз элүүдөн ашуун тасмада тартылган.
 
Актер “Гонконг жылдыздар аллеясынын” жана "Голливуд атак-даңк аллеясынын" жылдызы болгон. Анын аты ар кандай ырларда, карикатураларда, мультфильмдерде жана видео оюндарда колдонулуп келет. Жеки Чан кесипкөй ырчы жана кытай тилинин кантон жана мандарин диалектилеринде ырдай алат, көптөгөн ыр альбомдорун жарыкка чыгарган. Роль жараткан тасмалардын көбүндө тематикалык ырларды ырдаган. Ал ошондой эле кайрымдуулук иштери аркылуу дагы белгилүү. 2015-жылы [[Forbes]] журналынын эсептөөсү боюнча Жеки Чандын кирешеси $350 миллионго (АКШ доллары) бааланган.
 
Британ империясынын орденинин кавалери.
Алгач, ал «Nah-Hwa Primary School» деп аталган баштапкы мектепте окуп, бирок, 6 жашында Гонконгдо пекин операсынын мектебине берилет. Сценалык даярдыктан тышкары, бул мектеп кичинекей Чанга денесин мыкты башкарууну үйрөтөт. Чан мындан тышкары [[кунг-фу]] деп аталган уруш искусствосу менен да алектенген. Актёрдун бул балалык чагын "Боёлгон беттер" (1988) аттуу тасма чагылдырган.
 
Жеки 8-10 жашында эле "[[Түбөлүк сүйүү]]", "[[Чоң жана кичине Вонг Тин Бар]]", "[[Цинь Сянлянь тарыхы]]" аттуу кинотасмалардын эпизоддорунда роль жарата баштайт. Кийинчерээк, трюктарга аралаша баштаган, тагыраак айтканда "[[Жин муштуму]]" (Кулак ярости) жана "[[Дракондун чыгышы]]" аттуу [[Брюс Ли|Брюс Линин]] катышуусундагы тасмаларда трюк жараткан көпчүлүктүн ичинде болгон.
 
1976-жылы Жеки [[Канберра|Канберрага]] ата-энесинин колуна келет. Ал жерден бир азга «Dickson College»де окуп, куруучу болуп да иштеп калат.
[[Тасма|Тасмадагы]] карьерасын [[каскадёр]] катары баштаган. Кээ бир учурда аны эпизоддорго жана кичинекей роль жаратууга чакырып турушкан. Кунг-фу, акробатиканы ишеничтүү билип , жакшы пластика жана сценалык өнөрдү мыкты билген Чан 1970 жылдардын аягында чоңураак ролдорду жаратып, кийинчерээк өзү тасма тарта байштайт. Ал комедия менен уруш искусствосун, кадимки көчө согушун аралаштырып, көңүл ачуучу тасмаларды жасап, акырындан жаңы киножанр түптөп баштаган.
 
Жеки Чанды таанымал кылган алгачкы «[[Змея в тени орла]]» аттуу тасма болгон. Тасманын режиссёру [[Юань Хэпин]] Жеки Чанга трюктарды өзү ойлоп таап, тасмага коюууга уруксат берет. Бул тасма уруш искусствосу колдонулган комедия жанрында жаралат. Ушул эле жылы Чан «[[Кызуу чебер]]» тасмасына тартылат. Ушул тасма Жекинин таанымалдуулугун арттырып, ийгиликтүү карьеранын башталышына түрткү болгон. Тасмада Чан - Вон Фэй Хун деп аталган ичкич, кыйратпаган, өзүнө анча окшошпогон адамдын ролун жаратат. Бул жагынан тасма новатордук болуп чыга келген. Ошондой эле Чан менен карган актёр Юэн Сю Тьендин (Саймон Юэн деген ат менен да белгилүү) комедиялык дуэти да ийгиликтүү болот.
[[1980]] жылдары ал, башкы каарманды Саммо Хунг аттуу актёр ойногон «Бактылуу жылдыздар» тасмасында экинчи пландагы роль жаратып, мындан тышкары бир топ тасмаларда ойнойт.
[[1983]] жылы “«[[А» Проектиси”Проектиси]]” (Project «A») тасмасында тартылып жүргөн кезинде официалдуу түрдө өзүнүн каскадёрлук тайпасын түзөт. Кийинки калган тасмаларында “Жеки“[[Жеки Чандын каскадёрлук тайпасынын”тайпасынын]]” жардамы менен иштешет.
Чан [[1980]] жылдары “Чоң“[[Чоң уруш”уруш]]” ("Болшая драка"), "[[Замбирек маңызы]]" жарышы"(“Гонки „Пушечное ядро“”), "[[Коргоочу]]" (“Покровитель”) аттуу тасмалары менен америка киноиндустриясына чыгууга бир нече аракет кылат.
[[1990]] жылдары Чанга 2 жолу терс каармандын ролун сунушташкан. Бирок, экөөндө тең Чан, терс каарман ойноочулардын стереотибине кирип калуудан коркуп, андан баш тарткан. Биринчисин [[Голливуд]] жылдызы [[Сильвестр Сталлоне]] Саймон Феникс деп аталган каракчынын ролун сунуштаса (аны [[Уэсли Снайпс]] ойногон) ]]), ал эми экинчисинде "[[Өлтүрүүчү курал 4]]" (“Смертельное оружие 4”) тасмасында да каракчынын ролун сунушташкан (бул ролду [[Джет Ли]] ойногон).
[[1994]] жылы [[MTV]] телеканалы Жеки Чанга кинематографиядагы жалпы жетишкендиги үчүн сыйлык тапшырган.
 
Жеки Чанга чыныгы ийгилик [[1995]] жылы «Бронкстогу талаш» («Разборка в Бронксе») тасмасынан кийин келген. Ал киреше табуу жагынан [[Чоу Юнь-Фат]] жана [[Мишель Ё]] атту актёрлордон кем калган эмес. Көрүүчүлөргө Чандын башка иштери да жаккан. Мисалы, «[[Биринчи сокку]]», «[[Громобой]] », «[[Шанхай түш маалы]]» («Шанхайский полдень»). «[[Жеки Чандын окуялары |Жеки Чандын окуялары]]» мультсериалы да ийгилик жагынан артта калган эмес. Ар бир бул сериал бүткөн соң Жеки күйөрмандардын суроолоруна жооп берип турган.
[[2011]] жылдын сентябрь айында Жеки Чандын жүзүнчү тасмасы — «1911» жарыкка чыгат.
 
Чан ийгиликтүү поп-аткаруучу катары да белгилүү; 1984 жылдан тартып 100дөн ашык ыр жазып 20 альбом чыгарган. Ал кытай, жапон, англис тилдеринде ырдайт. Ошондой эле өзүнүн тасмаларынын башкы ырларын дагы өзү ырдайт, бирок ал тасмалар Европа жана АКШга чыгаарда башка ырларга алмашылат.
 
Чан өзүнүн кайрымдуулук иши менен да кеңири белгилүү жана ар-түрдүү долбоорлорго катышып турат. “Жаныбарларга“[[Жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылууга каршы”каршы]]”, 2004 жылы Инди океанында цунамиден, Кытайдагы суу ташкынында жабыр тарткандарга жардам ж.б. акцияларда өз каалоосу мнен элчи катары иш алып барган. 2006 жылдын июнь айында өзүнүн байлыгынын жарымын кайрымдуулук максатта жумшоорун билдирген. 2003 жылы катышуучулары жер жүзүндөгү тынчтык үчүн чыгышкан «United Buddy Bears» аттуу көргөзмөнүн Гонгконгго келишин чакырган. Бул көргөзмөнүн ачылышында Чан [[ЮНИСЕФ]] жана башка эки балдар уюмуна 4,14 млн гонконг долларын барабар болгон чек тапшырган.
[[Файл:Jackie Chan star.JPG|220px|thumb|[[Гонконг|Гонконгдогу]] жылдыздар аллеясында Жеки Чандын жылдызчасы]]
[[Файл:Jackie Chan star in Hollywood.jpg|220px|thumb|[[Голливуд|Голливуддагы]] жылдыздар аллеясында Жеки Чандын жылдызчасы]]
Гонкогдо “Жылдыздар авенюсунда”(“Авеню Звёзд”), Голливудда “Жылдыздар аллеясында” , ошондой эле Москвада Эски Арбатта Чандын жылдызчалары бар.
Чан жөнүндө жазылган китептер аз эмес. Акыркысы [[Василий Москаленко|Василий Москаленконун]] «[[Хроники Джеки Чана]]» аттуу фантастикалык китеп. Жазуучу бул китепти жазууга Жекинин өзүнөн уруксат алган.
 
== Чыгармачылык стили ==
=== Трюктары ===
 
Чан трюктардын көпчүлүгүн өзү кылаарын, ошондой эле, кээде башка актёрлордун трюктарын дагы жасап бергенин айтат. Бирок трюктарды 100 пайыз аткарат деп айтуу туура эмес, анткени “Смокинг”“[[Смокинг]]” («The Tuxedo») тасмасында, Жекинин ордуна 7 дублёр тартылган.
[[File:0089.jpeg|200px|thumb|left]]
Трюктарды аткаруу убагында көптөгөн жараатарды алган. Ушу себептен Жеки дүйнө боюнча бардык кепилдик берүүчү компаниялардын кара тизмесине кирет.
(Көбүнчө тасмаларынын акырында анын окшошпой калган трюктары, кээде жараат алган көрүнүштөрү көрсөтүлөт). Эң кайгылуу натыйжа 1986 жылы “Кудайдын“[[Кудайдын жабдыктары”жабдыктары]]” (“ Доспехи бога “) тасмасында, бактан кулагандыктан мээсинен оор жараат алып, өмүрүнөн айрылып кала жаздаганда болгон. Азыркы учурда абдан оор трюктарды жасоодон качат.
 
Көп убакыттын бери Чан бир канча жолу жанбашынын чыгып кетишин, колу-буттарынын манжаларынын сынышын, бет сөөгүнүн, мурдунун, моюн сөөгүнүн, кабырга жана далыларынын сынышын башынан өткөргөн.
872

edits