Жеймс Марсден: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
 
1-сап:
'''Жеймс Пол Марсден''' ({{lang-en|James Marsden}}; 1973-жылы, 18- сентябрда туулган) - америкалык актер, ырчы жана мурунку Версачи модели. Марсден "[[Коңгуроо аркылуу сакталгандар: Жаңы класс]]" (анг. Saved by the Bell: The New Class), "[[Периштенин таасири]]" (анг. Touched by an Angel) жана "[[Беш адамдын кечеси]]" (анг. Party of Five) сыяктуу телесериалдарда кыска ролдорду аткаруу менен актердук кесибин баштаган. Ал "[[Х-Адамдар]]" (анг. X-Men) чыгарылыштарында Скотт Саммерс/ Циклоптун ролу менен жана 2006-жылы "[[Супермен кайтып келет]]" (анг. Superman Returns) тасмасындагы ролу менен кеңири таанылган. 2016-жылы ал HBO телеканалындагы "Батыш дүйнө" (анг. Westworld) аттуу илимий-фантастикалуу вестерн триллер телесериалында окчу Тедди Фладдын, сезимтал андроиддин ролун аткарган.
 
Тамашалуу тасмаларда чоң ийгиликке жеткенден кийин, Марсден ар кандай жанрдагы тасмаларга тартыла баштаган. 2007-жылы ал "[[Чачка сепкич]]" (анг. Hairspray) тасмасында тартылган жана бул тасма көптөгөн жакшы сын-пикирлерге ээ болуу менен тасмада тартылгандар бир нече сыйлыктарга ээ болушкан. Ал тасмада Корни Коллинс катары эки жолу саундтрек ырларын аткарган жана ага RIAA тарабынан Платинум сертификаты ыйгарылган. Марсден ошондой эле "[[Сыйкырланган]]" (анг. Enchanted), "[[Көтөрүлүш]]" (анг. Hop) сыяктуу үйбүлөөлүк тасмаларда жана "[[27 Көйнөк]]" (анг. 27 Dresses) менен "[[Мендеги эң жакшы нерсе]]" (анг. The Best of Me.) тасмаларында башкы каармандын ролдорун аткарган.
 
Марсден кийинчерээк "[[Кичинекей батир]]" (анг. Small Apartments), "[[Бакалавр]]" (анг. Bachelorette), жана "[[Робот менен Фрэнк]]" (анг. Robot & Frank) сыяктуу көз карандысыз тасмаларда тартылган. Ал ошондой эле "[[Заманбап үйбүлөө]]" (анг. Modern Family) телесериалында коноктун ролун жана "[[30 Рок]]" (анг. 30 Rock) телесериалында Лиз Лемондун сүйүктүүсү Крисс Кростун (экинчи пландагы роль) ролун жараткан. Андан соң Марсден Ли Дэниелсдин "[[Сарай башы]]" (анг. The Butler) тасмасында президент Жон Ф. Кеннединин ролун аткарган жана "[[Алып баруучу: Легенда уланууда]]" (анг. Anchorman 2: The Legend Continues) тасмасында экинчи пландагы терс каармандын ролун жараткан.
 
== Өмүр таржымалы ==