Жерард Батлер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Жерард Жеймс Батлер''' ({{lang-en|Gerard Butler}};1969-жылы 13-ноябрда туулган) - тасмаларда тартылып, сахна жана экранга чыккан шотландиялык актер. Юридикалык факультетти бүтүргөндөн кийин, 1990-жылдардын ортосунда, "Миссис Браун" (англ. Mrs. Brown, 1997), [[Жеймс Бонд|Жеймс Бонддун]] "[[Эртеңки күн дайым бар]]" (англ. Tomorrow Never Dies, 1997) жана "[[Мумия аңгемеси]]" (англ. Tale of the Mummy, 1998) сыяктуу тасмаларда чакан ролдорду ойноп өзүнүн актердук чебердигин сынай баштаган. 2000-жылы, [[Кристофер Пламмер]] жана [[Жонни Ли Миллер]] менен бирге "[[Дракула 2000]]" (англ. Dracula 2000) тасмасында тартылган.
 
Кийинки жылы, "[[Аттила]]" (англ. Attila, 2001) тасмасында Аттила Гуннду ойногон, андан соң Кристиан Бэйл менен бирге "[[От бийлиги]]" (англ. Reign of Fire, 2002) тасмасында тартылган. Майкл Крайтондун "[[Таймлайн]]" (англ. Timeline, 2003) илимий-фантастикалык окуясынын ылайыкташтырылышында Андре Маректин ролун жаратуудан мурун [[Анжелина Жоли]] менен "[[Лара Крофт - күмбөз чапкынчысы: Жашоо бешиги]]" (англ. Lara Croft Tomb Raider: The Cradle of Life, 2003) тасмасында тартылган. Андан кийин, [[Эмми Россум]] менен бирге, Жоэл Шумахердин "[[Операнын арбагы]]" (англ. The Phantom of the Opera) ылайыкташтырылып экрандаштырылган тасмасында Эрик аттуу каармандын ролун аткарган. Бул оюну менен, ал, [["Спутник" сыйлыгы|"Спутник" сыйлыгынын]] "Эң мыкты актер" номинациясына татыктуу болгон.
 
"[[Аттила]]" (англ. Attila, 2001) жана "[[Опера арбагы]]" (англ. The Phantom of the Opera) тасмалары ал үчүн эң маанилүү жетишкендик болсо дагы, Батлер 2007-жылы гана, Зак Снайдердин "300 спарталык" (англ. 300) фантастикалык согуш тасмасында Леонидас падышанын ролун аткаруу менен көпчүлүккө таанымал болгон. Бул роль менен, "Empire" жана "[[Сатурн]]" (англ. Saturn) сыйлыктарынын "Эң мыкты актер" номинацияларына татыктуу болгон жана "MTV Movie Award" сыйлыгынын "Эң мыкты уруш" номинациясын утуп алган. 2010-жылы "Ажыдаарды кантип колго үйрөтүш керек?” (англ. How to Train Your Dragon) анимациялык тасмасында Калың сөөктү Стоик аттуу каармандын үнүн коштогон, кийинчиреек ошол эле үндү "Сөөк сындырган ажыдаар жөнүндө уламыш" (англ. Legend of the Boneknapper Dragon, 2010), "Түнкү жаалдын белеги" (англ. Gift of the Night Fury, 2011) жана "[[Ажыдаарды кантип колго үйрөтүш керек? 2]]" (англ. How to Train Your Dragon 2, 2014) анимациялык тасмаларында коштогон. 2011-жылы, Батлер, [[Шекспир|Шекспирдин]] ошол эле аталыштагы "[[Кориолан]]" (англ. Coriolanus, 2011) трагедиясынын заманбап ылайыкташтырылышында, аскер башчы Туллус Ауфидийүстүн ролун ойногон. Ошондой эле ал "[[Пулемётчон үгүттөөчү]]" (англ. Machine Gun Preacher) тасмасында Сэм Чайлдерстин ролун аткарган.
 
== Өмүр таржымалы ==