Жаред Лето: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
1-сап:
'''Жаред Жозеф Лето''' ({{lang-en|Jared Leto}};/ lɛtoʊ /; 1971-жылы 26-декабрда туулган) - америкалык актер, ырчы, акын, жана режиссер. 1990-жылдардын башында теледе таанылып, "[[Менин аялым]]" (англ. My So-Called Life, 1994) телесериалындагы ролу менен көрүүчүлөрдун назарына түшкөн. Анын кинодогу алгачкы ролу "[[Курак төшөк]]" (англ. How to Make an American Quilt, 1995) тасмасына таандык. Андан соң актер "[[Префонтейн]]" (англ. Prefontaine, 1997) тасмасындагы эмгеги жогору баага татыктуу болгон. Лето " [[Ичке кызыл сызык]]" (англ. The Thin Red Line, 1998), "[[Балбандар клубу]]" (англ. Fight Club, 1999) жана "[[Америкалык жинди]]" (англ. American Psycho, 2000) тасмаларында экинчи пландагы ролду ойносо, "[[Шаардагы уламыштар]]" (англ. Urban Legend, 1998) тасмасында башкы ролду аткарган. "[[Кыялдарга реквием]]" (англ. Requiem for a Dream, 2000) тасмасындагы Гэрри Голдфарбдын ролу көрүүчүлөрдүн купулуна толгон. Актер "[[Коркунуч бөлмөсү]]" (англ. Panic Room (2002), "Александр" (англ. Alexander, 2004), "[[Согуш мырзасы]]" (англ. Lord of War, 2005), "[[Жалгыз жүрөктөр]]" (англ. Lonely Hearts, 2006), "27-бөлүм" (англ. Chapter 27, 2007) жана " "[[Эч ким мырза]]" (англ. Mr. Nobody, 2009) тасмаларына тартылган. 2012-жылы Ж.Лето "[[Артефакт]]" (англ. Artifact) даректүү тасмасын тарткан. 2016-жылы актер "[[Өзүн-өзү өлтүргөндөрдүн тобу]]" (англ. Suicide Squad) тасмасында ойногон.
 
Актер "[[Далластагы сатып алуучулардын клубу]]" (англ. Dallas Buyers Club, 2013) тасмасындагы оюну үчүн [["Оскар" сыйлыгы|"Оскар" сыйлыгына]], [["Алтын глобус" сыйлыгы|"Алтын глобус" сыйлыгына]], АКШ киноактерлор Гильдиясынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясына ээ болгон. Ж. Лето өзүнүн ролдорун дайым терең талдайт жана чын көңүлдөн ойногон ыкмасы менен элдин эсинде калган Актер өзүнүн ар бир каарманын жашоосунда кино тартылып бүткүчө кала берет жана керек болсо саламаттыгына залал келген учурда дагы уланта берүүчү сапатка эгедер Ошондой эле Ж.Лето өзүнүн ролдорун кылдаттык менен тандайт.
 
== Өмүр таржымалы ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жаред_Лето" булагынан алынды