Жейми Фокс: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
 
1-сап:
'''Эрик Марлон Бишоп''' ({{lang-en|Jamie Foxx}};1967-жылы 13-декабрда туулган) — Жейми Фокс деген сахна аты менен белгилүү. Америкалык актер, ырчы, композитор, музыкалык продюсер жана куудул. Ал «[["Оскар" сыйлыгы|Оскардын]]» «Эң мыкты актер» наамына, «[[БАФТА|БАФТАнын]]» «Башкы ролдогу эң мыкты актер», «[[Рэй]]» биографиялык тасмасында Рэй Чарлздын ролун аткарганы үчүн 2004-жылы «А[[лтын глобус|лтын глобустун]]» «Эң мыкты актер — мюзикл же комедия» сыйлыктарына татыган. Ошол эле жылы ал «[[Ортоктош]]» криминалдык тасмасындагы ролу үчүн «Оскардын» «Экинчи пландагы эң мыкты актер» номинациясына көрсөтүлгөн. 2017-жылдын жаз мезгилинен тарта Фокс «Fox» телеканалындагы «Shazamдан озуп кет» берүүсүнүн алып баруучусу жана башкы продюсери катары иштеп келатат.
 
Ал роль жараткан эң белгилүү тасмалар «[[Жөө аскер]]» (2005, сержант Скайс), «[[Майамиполициясы]]» сериалы (2006, детектив Рикардо Таббс), «[[Кишенден бошотулган Джанго]]» (2012), «[[Жаңы жөргөмүш адам 2]]» (2014) болуп эсептелет. Ошондой эле Фокс 1990-1994-жылдарда «[[Жандуу түстөр]]» комедиялык шоусунда жана өзүнүн «[[Жэйми Фокс шоу]]» аттуу комедиялык берүүсүндө Жэйми Киңдин ролунда 1996-жылдан 2001-жылга чейин катышкан. Ал 2014-жылдагы «[[Энни]]» тасмасында Уилл Стэкстин образын жараткан.
 
Андан тышкары Фокс «[[Грэмми]]» сыйлыгын утуп алган музыкант. Анын төрт альбому Американын «Billboard 200» рейтингинде мыкты ондукка кирген. Алар: рейтингде алдыңкы болгон «[[Алдын ала айтылбаган]]» (2005), «[[Интуиция]]» (2008), «[[Жашоомдун эң мыкты түнү]]» (2010) жана «[[Голливуд: Он эки розанын окуясы]]» (2015) альбомдору болуп саналат.
 
== Өмүр таржымалы ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жейми_Фокс" булагынан алынды