Difference between revisions of "Дэнни Бойл"

м
no edit summary
м
м
 
'''Дэнни Бойл''' ({{lang-en|Danny Boyle}}; 1956-жылы, 20-октябрда туулган) - англиялык режиссер, продюсер, сценарист жана театралдык режиссер. Ал "Терең эмес көр" (анг. Shallow Grave), "[[Трейнспоттиң]]" (анг. Trainspotting), "[[Пляж]]" (анг. The Beach), "[[28 күндөн кийин]]" (анг. 28 Days Later), "[[Күн шооласы]]" (анг. Sunshine), "[[Кедей район миллионери]]" (анг. Slumdog Millionaire), "127 саат" (анг. 127 Hours), жана "[[Стив Жобс]]" (анг. Steve Jobs) аттуу тасмалардагы иши менен белгилүү. Анын "[[Терең эмес көр]]" аттуу дебюттук тасмасы "BAFTA" сыйлыгынын "Эң мыкты британиялык тасма" наамын жеңип алган. Ал эми Бойлдун "Кедей район миллионери" тасмасы "[["Оскар" сыйлыгы|Оскар]]" сыйлыгынын он наамына көрсөтүлүп, "Эң мыкты режиссер" наамын камтыган жети сыйлыкты утуп алган. Ал ошондой эле "[[Алтын Глобус]]" жана "[[BAFTA]]" сыйлыктарынын "Эң мыкты режиссер" наамын жеңип алган. Буга кошумчалай 2008-жылы "Остин Кино Фестивалында" "Кино тартууга өзгөчө салым кошуу" сыйлыгына ээ болуп, ал жерде "AAF Көрүүчүлөр" сыйлыгын жеңген "Кедей район миллионери" тасмасын тартуулаган.
 
2012-жылы ал 2012-Жайкы Лондон Олимпиядалык оюндарындагы "Кызыктар аралына" көркөм жетекчи болгон. Ага Жаңы-Жылдык урмат катары баатырдык наам сунушталып, бирок четке кагылган. 2014-жылы Бойлдун Манчестердеги "Homeдун" жетекчиси болоору билдирилген.
872

edits