Difference between revisions of "Дэвид Морс"

м
no edit summary
м
м
'''Дэвид Боудитч Морс''' ({{lang-en|David Morse}};1953-жылы 11-октябрда туулган) — америкалык актер, ырчы, режиссер жана жазуучу. Ал «[[Ыйык Элсвер]]» (1982–88) сериалында Доктор Жэк «Бумер» Моррисондун ролун аткаруу менен АКШда алгачкы жолу коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган. Ал өзүнүн кино жаатындагы карьерасын «[[Ортомчу]]», «[[Байланыш]]», «[[Жашыл чакырым]]», «[[Паранойя]]», «[[Түнкү өбүү]]», «[[Аска]]» жана «[[12 маймыл]]» тасмаларында ролдорду аткаруу менен уланткан.
 
2006-жылы Морс «[[Үй]]» медициналык драма сериалында детектив Майкл Триттер ролун кайра аткарып чыккан. Бул образы үчүн ал «[[Эмми]]» сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ал 2008-жылы «HBO» телекомпаниясынын «[[Жон Адамс]]» сериалында Жорж Вашингтондун образын жараткан. Бул анын «Эмми» сыйлыгына экинчи жолу көрсөтүлүшүнө өбөлгө түзгөн. Ошондой эле ал «Офф-Бродвей» театрында «[[Мен кантип айдаганды үйрөндүм]]?» спектаклиндеги Пек абанын ролун аткарганы үчүн «Драма Деск» жана «Оби» сыйлыктарын алган. Ал «Бродвей» театрында «[[Деңиз саякатчысы]]» спектаклинде Жэймс Харкиндин образын жаратып ийгиликке жеткен. 2010-жылдан 2013-жылга чейин ал «HBO» телеканалынын «[[Тремей]]» сериалында коррупцияга баткан Нү Орлеанс полиция бөлүмүндөгү чынчыл тартип сакчысы Терри Колсондун образын жараткан. Учурда ал «WGN America» телекомпаниясынын «[[Чыккынчылар]]» сериалында тартылууда.
 
== Өмүр таржымалы ==
872

edits