Ысхакиййа тарыкаты: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with ''''Ысхакиййа тарыкаты''' (Суфийский орден исхакийя; the Sufi Order of Iskhaqiyya) – Теңир-Тоодогу сопулук агым. 1...'
 
No edit summary
1-сап:
'''Ысхакиййа тарыкаты''' (Суфийский орден исхакийя; the Sufi Order of Iskhaqiyya) – Теңир-Тоодогу сопулук агым.
17-к-дын башында кожо Махдуми Аззамдын (1542-ж. өлгөн) кенже уулу кожо Исхак (1613-ж.өлгөн) негиздеген. Ы. т-нын өкүлдөрү кожо Ысхактын агасы негиздеген [[Ышкиййа тарыкатынынтарыкаты]]нын өкүлдөрүнө каршы күрөшкөн.
Ы. т-нын өкүлдөрүн “кара такыялуулулар” же “кара тоолуктар” деп да аташкан.
Ы. т-нын негизги күчү катары бир катар кыргыз уруулары да суфийлик агымдардын ич ара күрөшүнө катышкан.
17-18-к. Ы. т-нын кожолорунун Чыгыш Түркстандагы саясий бийликти өз колуна топтоо үчүн “Ышкиййа тарыкатынын” өкүлдөрүнө каршы узакка созулган күрөшү жергиликтүү уйгур, кыргыз, казак калктарынын башына түшкөн оор мүшкүл болгон.
Сопулук агымдардын узакка созулган өз ара чыр-чатагы Теңир-Тоодо жашаган элдердин калмак, цин-манчжур баскынчыларына каршы калайыктын жапатырмак бирдиктүү күрөшүн уюштурууга тоскоолдук кылган. Т.Ч.
 
 
Шилтеме:
 
Б.Урстанбеков, Т. Чороев. [[Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк]]. – 1990. - (ISBN 5-89750-028-2).