Айбан чарба: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
No edit summary
1-сап:
'''"Жаныбарлар фермасы"''' ({{lang-en|Animal Farm}}) — [[Жорж ОруэлЖорж_Оруэлл|Жорж Оруэллдин]] аллегориялык новелласы. Биринчи жолу 1945-жылдын 17-августунда басылып чыгарылган. Оруэллдин айтымында, китеп 1917-жылдагы орус ыңкылабынан тарта СССРдин сталиндик дооруна чейин болуп өткөн окуяларды чагылдырат. Демократиялык коммунистик Оруэлл Иосиф Сталиндин сынчысы жана Москвага багытталган сталинизимдин душманы болгон. Бул испан жарандык согуш маалында өз тажрыйбасынан калыптанган көз караш болгон. Анын ишениминде, Советтер союзу катаал диктатура айланып, анда жеке адамга сыйынуу күчөп, террор өкүм сүргөн. Ивонн Даветке жазган катында Оруэлл "Жаныбарлар фермасын" Сталинге каршы сатиралык жомок ("un conte satirique contre Staline") деп сүрөттөгөн. Ал өзүнүн 1946-жылдагы "Мен эмне үчүн жазам?" аттуу дилбаянында, эмне кылып жатканын толук түшүнүп жатканы менен бирге "Жаныбарлар фермасы" анын саясий максат менен чыгармачыл максатын айкалыштырууга аракет кылган алгачкы китеби деп айткан.
 
Түп нускасында китептин аталышы "Жаныбарлар фермасы: Жомок" болгон. АКШдагы басмаканачылар 1946-жылы коштомо аталышын алып салышкан. Бир гана котормосунда бул аталыш сакталган. Башка варианттар "Сатира" жана "Азыркы сатира" сыяктуу коштомо аталыштарды камтыйт. Оруэлл французча котормосуна "Union des républiques socialistes animales" деген аталышты сунуш кылган. Анын кыскартылышы URSA болуп, латынчадан которгодо Орусиянын символу "аюу" деген сөздү туюнтмак. Советтер союзунун французча айтылышы да Union des républiques socialistes animales деп аталган.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Айбан_чарба" булагынан алынды