Орозбаков Сагымбай Орозбак уулу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
44-сап:
Манасчы катары эл арасына тааныла баштагандан тартып өмүрүнүн акырына чейин Сагымбай «Манас» айтууну кесип кылып, жомокчулук менен күн көрүп, ошол өнөр ээлерине мүнөздүү жашоо тиричилигин башынан өткөрөт: жайы-кышы дебей эл кыдырып, бир айылдан экинчисине өтүп өз өнөрүн тартуулайт — «Манас» айтат, эл өз каалоосу менен бергендердин эсебинен жан сактап, үй-бүлөсүн багат.
Манас айтууну түш көргөндөн тартып айтып калуу бардык манасчылар үчүн эле мүнөздүү көрүнүш жана баштапкы баскыч. Манасчылардын аткаруучулук чеберчилигин, мазмунун тереңдигин, көркөм деңгээлин калыптандырган баскыч - устаттардан таалим алуу жана эл "Манас" айтып эл сынагына чыгып дасыгуу. Сагымбай Чүй өрөөнүндө жашап турган мезгилде легендарлуу улуу манасчы Келдибекке жоолугуп анын сынынан өтөт. Келдибек Сагымбайга өзүн кармоо, обон, кыймыл-аракеттерине чейин кылдат карап чыгып кеп кеңештерин берет. Улуу манасчылардын бири - Тыныбек дагы Сагымбайды айттырып көрүп, таалим берип, "Манаска" өздүк кошумчаларын кошпой таза айтууну эскертеткениэскерткени тууралуу эл арасындагы аңыздар кеңири белигилүүбелгилүү.
 
Сагымбайдын легендарлуу эки улуу манасчынын сынынан өтүп, биринен аткаруучулук чеберчилик боюнча таалим алса, экинчисинен эпостун мазмун-маңызы боюнча кеңешин алгандыгы Сагымбайдын "Манасы" кандай жогорку талаптуу мектептен өтүп калыптангандыгынан кабар берип турат.