Орозбаков Сагымбай Орозбак уулу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
60-сап:
== Манасты жаздыруу 1922- 1926 жж.==
 
[[1921|1921-ж.]] Ысык-Көлдүн [[Бөкөнбаев кыштагы|Төрткүл (Бөкөнбаево)]] деген жеринде мугалим болуп иштеп жүргөн [[Каюм Мифтаков]] ал жакта "Манас" айтып жүргөн Сагымбайга жоолугуп, ал айткан "Манас" зор таасир бергендиктен кагаз бетине түшүрүп калууну сунуштайт. Сагымбай башка бирөөнүн атын минип келгендиктен узакка кала албасытыгыналбастыгын айтып, кийинки жылы жоолугушунужоолугушууну шартташышатшартташат.
 
[[1922|1922-ж.]] [[Мифтаков Каюм|К. Мифтаков]] менен [[Сооронбаев Сапарбай|Сапарбай Сооронбаев]] Нарын аймагына Сагымбайдын "Манасын" жазып алганы келишет. Нарын уезддик Аткаруу Комитетинин төрагасы Ыбырай Тойчунов этнографтарга кагаз, сыя ж.б.у.с. шаймандар жагынан жардам көрсөтүп, расмий документтер менен жабдып Манасты жазуу ишине кеңири колдоо көргөзөт. К. Мифтаков Сагымбайды үйүнөн таппай, издеп барып Көк-Торпок деген жерде "Көкөтөйдүн ашын" айтып жаткан жерден үстүнөн чыгат. Бир жумача Сагымбайды ээрчип [[«Көкөтөйдүн ашы»|"Көкөтөйдүн ашын"]], [[Чоң казат|"Чоң казатты"]] угушат. Бул жерден экспедицияга [[Ыбырайым Абдыракман уулу|Ы. Абдыракманов]] келип кошулат. "Манасты" жаздыруу манасчынын көнгөн шартында, аудиториясынан бөлбөй аткаруу учурунда жазылып башталган. Текст жазуу иштери бир эле жерде жүргүзүлбөй, жомокчунун салттык турмушуна жакын мүнөздөгү шартта эл кыдырып, улам жаңы аудиторияда жүргүзүлгөн. Жазуу ишине киришүүдөн мурда катчылар текстти кандай жазуу боюнча атайын нускоолорду алышкан. Ушуларды эске алуу менен эпосту жазуу иши канааттандырарлык деңгээлде башталгандыгын белгилөөгө негиз бар. Тексттер ошол кезде кыргыздар арасында колдонулган араб тамагасында жазылынып алынган. Бирок ал тамгаларды кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтыруу аракети көрүлгөн эмес.