Орозбаков Сагымбай Орозбак уулу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
72-сап:
1924 ж. ноябрь айында манасчы менен анын катчысы Ташкенге илим комиссиясына чакырылат. Ы. Абдыракманов Анжиян аркылуу ат менен кетип, Сагымбай барбай калат. Ы. Абдыракманов Ташкенден кайрылып келип Сагымбайды Пишпектен жоолуктурат. Базарда Сагымбайды алып кетебиз деп [[Солто|солто уруусунун]] Бөлөкбай жана Талкан бөлүктөрү талашып жаткан болот. Натыйжада Пишпек станциясындагы [[Чалаказактар|чала-казактар]] алып кетип, Сагымбай жети күнү жүрүп, бир ээр-токумдуу ат минип, кездеме, көп акча, зер буюмдарын алып келген. Андан кийин Бөлөкбай, Талкандардын манаптары алып кетип 15 күн жүрүп бир тогуз жылкы, толгон өлүү буюмдарды алып келген. Сагымбай келип, эми "Манасты бүтүрөлү" - деп Ы. Абдыракмановду ээрчитип Кочкорго кетет.
 
1925 ж. чакырык кайта келет. Сагымбай менен Ы. Абдыракманов Ташкенге барышат. Жолдо баратканда, "эми чоңдор мага "Манасты" абдан айтырыпайттырып сындайт ко" - деп Ыбырайымга кеңешип барат.<ref>Ошондо эле, 41 б.</ref> Ташкенде болгон Эшенаалы Арабаев, Сыдыков Абдыкерим, Тыныстанов Касым, Токобаев Турдаалы, Тойчунов Ыбырайлардын бири дагы Сагымбайды чакыртып "Манас" айтырыпайттырып же кара сөз түрүндө "Манастын" жайын айтырыпайттырып угуп көрүшпөйт. Ал кездеги жаш жигит К. Тыныстановдун "Сиздин жаздырган "Манасыңыз" өзбекче болуп калыптыр "<ref>К. Ф. Инв. № 275, 47 б.</ref> - деген сындоосуна катуу катуу теригет. Э. Арабаев СагмбайгаСагымбайга: "Иттин тезеги дары десе дарыянын башына кетет деген ырас ко. Сагымбай билген "Манасыңды" тез жазып бүтүрсөңчү, болбосо судгасотко беребиз"<ref>К.Ф. Инв. № 275, 46-47 б.</ref> - дейт. Э. АрабаевденАрабаевдин кагуусу Сагымбайга катуу таасир тийгизет. Чогуу барган Ыбырай Абдыракмановдун пикири боюнча Ташкенде болгон жоолугушуу Сагымбайга оор из калтырып, чыгармачылыгына терс таасиртаасирин тийгизген. Кочкорго кайтып келишип "Чоң казатты" жаздырып башташат. Жомокчу мурункудай айткысы келбей калгандыгы тууралуу Ы. Абдыракманов: "Сагымбай баштагыдай көөндөбөй коюп, мен жалынып бергенде айтып бергенде, жаздым. 1926 ж. "Манасты" жазып бүттүк. "Чоң казаттын" урушун, "Манастын" өлүмүн эң тар кылып жаздырды. Мен качалыкканчалык жабышып айтсам дагы болбой, менин билгеним ушул - деп болбоду".<ref>К.Ф. №</ref>
 
Ушундай шарттарга байланыштуу Сагымбайдан жазылган тексттердин ичинен аяккыаяк эпизоддордун мазмуну тайкы, көркөмдүк деңгээли төмөн болуп калган. Бирок мындай көрүнүшкө жалгыз гана Ташкенде болгон окуялар эмес, Манасчынын 1924 тартып нерв оорулуу болуп калгандыгын да эске алыш керек. Бул оорусунун себеби катары ыргагы менен мухиттей толкуп келген эпосту жаздыруу үчүн улам токтоп, улам өзүн кармап отургандыгында болгон.
 
[[1926|1926 ж.]] август айында "Манасты" жаздыруу иши аяктап, жомокчу менен катчы өз жактарына тарап кетишет.
80-сап:
Жазылып алынган тексттердин көлөмү '''''180378 сап''''' ырды түзгөн.
 
[[1929|1929 ж.]] тартып айылдык жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Сагымбайды бай-манаптардын ырчысы деп кодулап, ыгым-чыгымды көп салышып, унчукпай төлөгөнүнө карабастан куугунтуктай башташат. Сагымбай эки аялы бар болгондуктан өзү дагы чочулайт. Натыйжасында Ысык-Көлдүн Тору-Айгырына көчүп кетет. [[1930|1930 ж.]] жазында Сагымбайдын оорусу катуулайт. Кочкордон туугандары келип жергиликтүү элдин каршылыгына карабастан Кочкорго алып кетишет. Жолдоно кабар уккан эл үч жерден тосушуп манасчыга жоолугуп абал сурашат. Аңырты суусунасуусунун боюна келгенде, 1930 жылдын май айында дүйнөдөн кайтат.
 
С. Орозбаковдон жазылынып алынган тексттер "Манас" эпосунун окуяларынын баштан аяк толук жана кеңири баяндаган илимге белгилүү биринчи факт.